Бүгүн Бишкекте эки күнгө созулган «Кыргызстан ЭКСПО 2025» эл аралык көргөзмөсү өтүүдө. Иш-чарага Кыргызстан, Кытай, Түркия, Түштүк Корея жана башка өлкөлөрдөн 100дөн ашык ишкана катышууда. Алар өнөр жай, айыл чарба, энергетика, логистика, курулуш, илим жана технология тармактарындагы продукцияларын сунуштоодо.
Көргөзмөдө кытайлык компаниялар кыргыз рыногун өзүнүн сапаттуу товарлары менен камсыздоого даяр экенин билдиришти. Ханчжоудагы «Юньхэ» компаниясынын өкүлү Шань Юньфэн Кыргызстанды жана жалпы Борбор Азияны келечекти багыт катары санап, жергиликтүү дистрибьюторлордун кызыгуусу жогору экенин айтты.
Кыргызстанда катталган «Краски-Щит» компаниясы да көргөзмөгө өзүнүн пол жабдыктары, эпоксиддик капталган материалдар, таш боёктор, спорттук жабуулар жана жасалма газондор сыяктуу курулуш товарларын алып чыкты. Компаниянын жетекчиси Ли Шанмин кыргыз курулуш рыногунда сапаттуу материалдарга суроо-талап өсүп жатканын белгиледи.
Көргөзмөнүн коноктору да керектүү товарларды табууга мүмкүнчүлүк болгонун айтышууда. Бишкек шаарынын тургуну Диана Сарымбаева жаңы үйүнө керектүү кытай жабдыктарын ушул жерден тандап алганын билдирди.
Централ Азия—Кытай соода палатасынын директору Лю Фэнлэй Кыргызстан менен Кытайдын бизнес байланыштарын чыңдоого көмөктөшүүдө алар активдүү иш алып барарын белгилеп, эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүүгө салым кошууга даяр экенин билдирди.

