“Кыргызстандын экономикалык өсүү модели «Ак Илбирс»” иш-чарасы Дубайда өткөрүлдү

Дубай шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитинин (World Governments Summit) алкагында алгач ирет “Кыргызстандын экономикалык өсүү модели «Ак Илбирс»: өкмөттүк акселераторлор, институттар жана инвестициялар” аттуу кошумча иш-чара уюштурулду.

Иш-чаранын катышуучуларына Кыргыз Республикасында эмираттык “Өкмөттүк акселераторлор” программасын ишке ашыруудагы тажрыйба тууралуу кыскача видеоролик көрсөтүлдү.

Кошумча иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Мохаммед Аль-Мазруи, ошондой эле эмираттык жана чет өлкөлүк уюмдардын, бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарынын жетекчилигине жана элине жылуу меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан БАЭнин Президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайянга жана Вице-президент, Премьер-министр, Дубайдын башкаруучусу шейх Мухаммад бин Рашид Аль Мактумга саламдарын жеткирди.

Ал өз сөзүндө “Ак Илбирс” экономикалык өсүү модели үч негизги багытка — өкмөттүк акселераторлорго, күчтүү институттарга жана инвестицияларга таянарын белгиледи. Анын айтымында, акселераторлор программасы мамлекеттик башкарууга жаңычылдык алып келип, 100 күндүк так реформаларды ишке ашырууга шарт түзгөн. Бул программанын алкагында курулуш, саламаттык сактоо, билим берүү, жер мыйзамдары, транспорт жана логистика тармактарында 17 реформа ийгиликтүү жүзөгө ашырылган.

Ошондой эле дебюрократиялаштыруу багытында 7 Президенттин жарлыгы, 19 мыйзам жана Министрлер Кабинетинин 22 чечими кабыл алынганын белгиледи. Бул чаралар экономикалык өсүштүн негизги драйверлеринин бири болгон.

Адылбек Касымалиевдин маалыматына ылайык, акыркы төрт жылда Кыргызстандын орточо жылдык экономикалык өсүү темпи 9–10 пайызды түздү. Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча, 2025-жылы Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди. Мамлекеттик бюджет үч эсеге көбөйүп, ички дүң продукт 2,5 эседен ашык өстү.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев БАЭнин Министрлер Кабинетинин иштери боюнча министри Мохаммед Абдулла Аль Гергавиге Кыргызстан менен БАЭнин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы, ошондой эле “Өкмөттүк акселераторлор” программасын ийгиликтүү ишке ашыргандыгы үчүн “Достук” орденин тапшырды.

Андан соң өткөн панелдик талкууда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары тууралуу айтып берсе, юстиция министри Аяз Баетов мамлекеттик башкарууну дебюрократизациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолду.

Катышуучулар “Ак Илбирс экономикасы” — күчтүү институттарга, натыйжалуулукка жана ачык башкарууга негизделген модель эл аралык коомчулукта чоң кызыгуу жаратканын белгилешти.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз