Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусу менен кезектеги аппараттык кеңешме өткөрдү. Кеңешменин негизги темалары – билим берүү жана туризм тармактарына инновациялык санариптик механизмдерди киргизүү болду.
Кеңешменин жүрүшүндө окуучуларды мектептер арасында электрондук каттоо системасын киргизүү маселеси каралды. Адылбек Касымалиев белгилегендей, өлкөдө 2170 мамлекеттик жана муниципалдык мектепте 1,5 миллиондон ашык бала билим алат, бирок окуучуну бир мектептен экинчисине которуу процесси азырынча кол жазма режиминде жүргүзүлүп, коррупциялык тобокелдиктерге жана мектептерге бирдей эмес жүк түшүүсүнө шарт түзөт.
«Биз ата-энелер үчүн биринчи класска электрондук каттоону ийгиликтүү киргиздик. Эми окуучуларды которууда да ушундай автоматтык системаны орнотуу убактысы келди. Система класстардагы бош орундарды көрсөтүп, чечим кабыл алууда адам факторун азайтат, мектеп администрациясынын жүгүн жеңилдетет жана процессти ар бир ата-эне үчүн түшүнүктүү кылат», — деди Адылбек Касымалиев.
Жыйынтыгында Министрлер Кабинети Билим берүү министрлигине кыска мөөнөттө окуучуларды которуунун электрондук системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү тапшырмасын берди.
Кеңешменин экинчи талкуу предмети бирдиктүү «Санариптик туристтик платформа» түзүү болду. Министрлер Кабинетинин Төрагасы туризм тармагындагы системалуу көйгөйлөргө токтолуп, туристтер ар бир кадамда бюрократияга жана тил тоскоолдуктарына туш болбошу керектигин белгиледи. Платформа мамлекеттик кызматтарды, бизнес-сервистерди жана төлөм инструменттерин бир терезеде интеграциялоону камсыз кылышы зарыл.
Адылбек Касымалиев Туризм департаментине, санариптик өнүктүрүү жана финансы министрликтерине «Түндүк» ААКсы менен биргеликте бирдиктүү санариптик туристтик платформаны кыска мөөнөттө түзүү боюнча талаптарды, каржылоону жана техникалык ишке ашырууну камсыз кылууну тапшырды.

