Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыБританиянын премьер-министри өлкө "согушка даярдык абалына" өтөрүн айтты

Британиянын премьер-министри өлкө «согушка даярдык абалына» өтөрүн айтты

Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер дүйнөлүк коопсуздукка байланыштуу коркунучтардын жана туруксуздуктун күчөшүнө жооп катары өлкө согушка даярдык абалына өтөрүн билдирди. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазды. 

«Эгер чыр-чатактын алдын алгың келсе, мунун эң жакшы жолу — чыр-чатакка даярдануу. Дүйнө өзгөрдү: биз даяр болушубуз керек», — деди Стармер.

Мындай билдирүү Британиянын AUKUS өнөктөштүгү (АКШ жана Австралия менен) алкагында өзөктүк суу алдындагы кайыктарды куруу жана коргонуу тармагына 15 миллиард фунт стерлинг (20 миллиард доллар) инвестиция салуу пландарын жарыялаган учурга туш келди.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар