Бүгүн энергетиктердин кесиптик майрамы

Бүгүн Кыргызстанда энергетика тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленүүдө. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев энергетиктерди майрамы менен куттуктады.

Куттуктоосунда ал энергетика өлкөнүн стратегиялык негизи экенин белгилеп, энергетиктердин тынымсыз эмгеги ар бир үйдүн жарыгы, ишканалардын иши жана социалдык объекттердин туруктуу иштеши үчүн негиз болорун айтты. Ошондой эле энергетика тармагында ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын, ГЭСтер модернизацияланып, Камбар-Ата – 1 ГЭСи сыяктуу маанилүү долбоорлор өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздоого багытталганын баса белгиледи.

Адылбек Касымалиев тармактын ардагерлерине ыраазычылык билдирип, энергетиктерге чың ден соолук, коопсуз эмгек жана ийгиликтерди каалады.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз