Франциянын президентинин администрациясы Россиянын президенти Владимир Путин Франция лидери Эммануэль Макрон менен диалог жүргүзүүгө даяр экенин билдиргенин кубаттады. Елисей сарайынын маалыматына ылайык, жакынкы күндөрү сүйлөшүүнү улантуунун эң ылайыктуу форматы боюнча чечим кабыл алынат.
Француз тараптын баса белгилешинче, Париждин негизги максаты – Украинада жана Европада туруктуу жана узак мөөнөттүү тынчтыкка жетишүүгө көмөктөшүү. Бул аракеттер Украина президенти Владимир Зеленский жана европалык өнөктөштөр менен толук ачык-айкындык шартында жүргүзүлөт.
Ошол эле учурда, Украина боюнча тынчтык планы Атлантиканын эки тарабында тең талкууланып жатканы менен, азырынча конкреттүү жыйынтык бере элек. Буга карабастан, Париж менен Москва сүйлөшүүлөрдү кайра жандандырууга даяр экенин билдиришүүдө.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ишемби күнү Владимир Путин француз президенти менен диалогго ачык экенин тастыктап, бул тууралуу Россия лидери жылдык чоң басма сөз жыйынында да айтканын эске салды.


