Түштүк Кореядан колдонулган автоунаалардын экспорту январь–ноябрь айларында өткөн жылга салыштырмалуу 80 пайыздан ашык өсүп, 8,4 млрд АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Yonhap агенттиги Кореянын Соода, өнөр жай жана энергетика министрлигинин маалыматына таянып билдирди.
Жаңы автоунааларды кошо эсептегенде, жалпы автоэкспорт 2 пайызга өсүп, 66 млрд долларга жеткен. Ал эми колдонулган автоунааларды эске албаганда, автопродукциянын экспорту 4,2 пайызга кыскарып, 57,6 млрд долларды түзгөн. Мунун себептери катары АКШдагы тарифтик маселелер жана Hyundai Motor Group компаниясынын өндүрүштү чет өлкөлөрдө кеңейтүү саясаты айтылууда.
Өзүнчө белгиленгендей, 2025-жылдын январь–октябрь айларында Кыргызстан Түштүк Кореядан колдонулган автоунаалардын эң ири импорттоочусу болду. Бул мезгилде КРга экспорттун көлөмү 2,62 млрд долларды түздү. Андан кийинки орундарда Россия (909 млн доллар), Казакстан (664 млн доллар) жана БАЭ (337 млн доллар) турат.


