Быйыл Ички иштер министрлигине 600дөн ашык кызматтык унаа тапшырылды

0
23532

2025-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрүнө 600дөн ашык жаңы кызматтык унаа берилди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, ички иштер органдарын заманбап техника жана технологиялар менен камсыз кылуу багытында олуттуу кадамдар жасалып, бул милициянын материалдык-техникалык базасын жаңы деңгээлге көтөрүүгө шарт түздү.

Тапшырылган унаалардын катарында JAC, JEEP, BMW, Lexus, Toyota, Chevrolet Cobalt, Hyundai, KIA, Changan, Lixiang сыяктуу дүйнөлүк бренддер, ошондой эле «ГАЗ Соболь», «Лада Нива Легенда» өңдүү ата мекендик унаалар бар. Мындан тышкары, күжүрмөн техникалар жана мотоциклдер да тапшырылды.

Ошондой эле жайкы туристтик сезон учурунда жарандардын жана чет элдик коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ысык-Көл облусунун милициясынын туризм жана айлана-чөйрөнү коргоо батальону заманбап жабдуулар менен камсыздалды. Алардын ичинде ата мекендик өндүрүштөгү бардык жерде жүрүүчү унаалар, квадроциклдер, микроавтобустар, атайын чиркегичтери бар ачык жана жабык суу транспорту, ошондой эле скутерлер бар.

Белгиленгендей, бардык транспорт каражаттары ИИМдин борбордук түзүмдөрүнө жана аймактардагы ички иштер органдарына этап-этабы менен бөлүштүрүлдү.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз