Башкы беткеЖогорку КеңешЖогорку Кеңештин төрагасы Казакстанга иш сапары менен барды

Жогорку Кеңештин төрагасы Казакстанга иш сапары менен барды

10-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Казакстан Республикасына иш сапары менен барды. 

Маалыматка ылайык, кыргыз делегациясын Астанадагы Нурсултан Назарбаев атындагы эл аралык аба майданынан Казакстандын Парламентинин Мажилисинин төрагасынын орун басары Альберт Рау баштаган жетекчилер тосуп алды.

Иш сапардын алкагында Нурланбек Тургунбек уулу эки өлкөнүн Парламенттер аралык кеңешинин III жыйынына катышат.

Муну менен катар эртең Түрк мамлекеттеринин Парламенттик уюмунун кеңешинин кезектеги отуруму жана XIV пленардык жыйыны өтөт.

Тактап кетсек, кыргыз делегациясынын курамында депутаттар Улан Примов, Чолпон Султанбекова, Улан Бакасов, Айсулуу Мамашова жана Аппараттын жетекчиси Алайбек Алымбаев бар.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар