Кечээ “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйүндө өткөн тегерек столдо Кыргызстандагы анимация искусствосун өнүктүрүүнүн негизги проблемаларын чечүүнүн жолдору кеңири талкууланды.
“Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйүнүн башкы директору Галина Байтерек кыргыз бөбөктөрү үчүн ата мекендик мультфильмдер эмес, көбүнчө чет элдик анимация кызыктуураак болуп жатканын, демек балдарга арналган мультфильмдердин мазмунун, тилин, иллюстративдик каражаттарын олуттуу жакшыртуу зарылдыгын белгиледи. Анткени анимация — бул тарбиянын жана улуттук иденттүүлүктү калыптандыруунун башкы каражаты гана эмес, стратегиялык ресурс экенин дүйнөлүк тажрыйба далилдеп турат.
“Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйү кыргыз анимациясын заманбап шартта өркүндөтүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар жана кызыкдар тараптар менен тыгыз кызматташууга ачык, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр. Бул контексте Галина Байтерек “Байчечекей” балдар журналы бала бакчалар, мектептер жана чыгармачыл союздар менен балдарга арналган көркөм контентти жаратуу жана жайылтуу ишин күчөтөөрүнө басым жасады.


