Салык системасындагы реформалар

          Мамлекеттик салык кызматы бүгүнкү күндө терең институционалдык трансформация баскычынан өтүүдө. Мамлекет акырындап басымга негизделген эски моделден чыгуу менен, экономиканы өнүктүрүүгө багытталган сервиске, санариптештирүүгө жана ишенимге негизделген жаңы форматка өтүүдө.
КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов системалык реформалар, жетишилген натыйжалар жана стратегиялык артыкчылыктар тууралуу айтып берди.

 – Алмамбет Насырканович, учурда Салык кызматы кандай этаптан өтүп жатат жана жүргүзүлүп жаткан реформалардын маңызы эмнеде?

– Эгерде маселени мамлекеттик саясаттын деңгээлинде карай турган болсок, акыркы бир жарым жыл олуттуу бурулуштун учуру болду десем жаңылышпайм. Биз ашыкча көзөмөл жана фискалдык басым үстөмдүк кылган эски моделден баш тартып, негизги принциптери сервис, санариптештирүү жана салык төлөөчүлөргө карата ишеним болгон системага өттүк.

Болуп жаткан өзгөрүүлөр ведомстволук деңгээлде гана эмес экендигин баса белгилеп кетүү керек. Бул – Президенттин жана Министрлер Кабинетинин тапшырмасынын алкагында ишке ашырылып жаткан кеңири экономикалык саясаттын бир бөлүгү. Анын негизги максаты – ишкердикти өнүктүрүү, экономиканы легалдаштыруу жана өлкөнүн инвестициялык ыңгайлуулугун жогорулатуу болуп саналат. Бүгүнкү күндө Салык кызматы бир гана фискалдык орган болбостон, мамлекеттин экономикалык саясатын ишке ашыруучу маанилүү инструментке айланууда.

– Бул трансформация кандай негизги артыкчылыктарды берди?

– Биринчи кезекте – бизнеске болгон басым олуттуу түрдө азайды. Текшерүүлөрдүн саны кыскартылды, көзөмөл жүргүзүүнүн ыкмалары кайра каралды, ашыкча инструменттер жоюлду жана административдик жол-жоболор жөнөкөйлөштүрүлдү. Бул ишкерлерге ресурстарын өнүктүрүүгө багыт алууга мүмкүнчүлүк берди.

Экинчи маанилүү натыйжа – салык ставкаларын жогорулатпастан салыктык түшүүлөрдүн өсүшү. Бул – мамлекеттин принципиалдуу позициясы. Туруктуу экономикалык өсүш басым аркылуу эмес, салык базасын кеңейтүү, ачыктыкты камсыз кылуу жана ыктыярдуу төлөмдөрдү жогорулатуу аркылуу камсыздалат.

Ал эми үчүнчү артыкчылык – санарип­тештирүү. Бүгүнкү күндө салыктык башкаруунун санариптик архитектурасы калыптанууда. Көпчүлүк процесстер автоматташтырылып, бул адам факторунун азайышына, ачыктык деңгээлинин жогорулашына жана коррупциялык тобокелдиктердин төмөндөшүнө өбөлгө болду. Натыйжада, мамлекет менен бизнестин ортосундагы кызматташуу кыйла жеңилдеди.

Мындан тышкары, эң маанилүү өзгөрүү – бул өз ара аракеттенүү философиясы. Биз “контролдоочу – бузуучу” моделинен өнөктөштүк мамилеге өтүп жатабыз. Бул формалдуу билдирүү эмес, практикалык саясат. Анын натыйжасында ишеним өсүп, салык тартиби жакшырды.

– Ошол эле учурда кандай чектөөлөр жана көйгөйлөр сакталып калууда?

– Албетте, жетишилген жыйынтыктарга карабастан, биз бардык маселелер чечилди дегенден алыспыз. Биринчи кезекте – көмүскө экономиканын үлүшү жана салык маданиятынын жетишсиз деңгээли. Бул узак мөөнөттүү, системалуу ишти талап кылган багыт.

Кадр маселеси да актуалдуу бойдон калууда. Заманбап салык кызматы аналитика, маалыматтар менен иштөө жана санариптик технологиялар жаатындагы компетенттүү жаңы деңгээлдеги адистерди талап кылат. Азыркы кадр даярдоо системасы бул талаптарга толук жооп бербейт. Ошондой эле санариптик инструменттерди формалдуу колдонуу учурлары бар. Системалар киргизилген, бирок алар башкаруу жана талдоо куралы катары толук пайдаланылбай жатат.

Аналитикалык иштин деңгээлин жогорулатуу зарыл. Маалыматтарды каттоо гана эмес, алдын ала божомолдоо жана тобокелдиктерди башкаруу деңгээлине өтүшүбүз керек. Салык төлөөчүлөрдү тейлөө сапаты боюнча да маселелер бар. Даттануулардын болушу сервис моделин толук кандуу ишке ашыруу зарылдыгын көрсөтөт. Мындан тышкары, салык карызы жана маалыматтык тутумдардагы айрым техникалык чектөөлөр дагы актуалдуу.

– Санариптештирүү жана башка мамлекеттик органдар менен интеграция кандай роль ойноду?

– Санариптештирүү жүргүзүлүп жаткан бардык реформалардын негизги элементи болуп саналат. Башкача айтканда мамлекеттик башкарууну трансформацилоонун маанилүү куралы десек болот. Биз “мамлекет маалыматты өзү чогултат” деген принципте иш алып баруудабыз. Демек, жарандар жана бизнес ашыкча маалымат берүү милдетинен бошотулду. Мурда салык төлөөчүлөр карызы жоктугун тастыктаган маалымкаттарды алып келип, кошумча жол-жоболордон өтүшсө, бүгүнкү күндө бул процесстердин басымдуу бөлүгү автоматтык түрдө ишке ашырылууда.

Салык системасынын маалыматтык тутумдары башка мамлекеттик органдардын, анын ичинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын маалымат базалары менен интеграцияланды. Буга чейин эсептөөлөр салык төлөөчүлөр тарабынан жүргүзүлүп келсе, мунун негизинде жарандардын салыктык милдеттенмелери автоматтык түрдө эсептелет.

Финансы министрлиги жана Мамлекеттик сатып алуулар департаменти менен өз ара системалуу аракеттенүү жөнгө салынды. Бул бизнестин мамлекеттик контракттарга катышуусуна толугу менен байкоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Транспорт тармагындагы интеграциялоо эл аралык жүк ташууларды ачык жүргүзүүгө шарт түзүлдү. Мында салык тартибин сактоого, анын ичинде бизнести майдалоо сыяктуу салыктан качуу схемаларын аныктоого карата контролдоо күчөтүлдү.

Биз ошондой эле интеллектуалдык менчик жаатында өз ара аракеттенүү, виртуалдык активдер операциялары боюнча маа-лымат алмашуу сыяктуу жаңы багыттар боюнча иш алып баруудабыз. Бул санариптик экономикага салык салуунун негизин түзмөкчү. Дагы бир токтоло кетчү өзүнчө багыт бул – коммерциялык санариптик платформалар жана маркетплейстер менен өз ара аракеттенүү. Бул субъекттердин иши жөнүндө кошумча маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет жана кирешелерди жашыруу мүмкүнчүлүгүн азайтат.

Ал эми, QR-код жана төлөм коду аркылуу салык төлөө системасын киргизүү каражаттарды чегерүүдөгү каталардын алдын алууга, адам факторун азайтууга жана коррупция-лык тобокелдиктерди кыйла төмөндөтүүгө мүмкүндүк берди. Жалпысынан интеграциялоо – экономикалык ачыктыкты жогорулатып, аналитикалык мүмкүнчүлүктөргө жол ачып, бюджетке түшүүлөрдү көбөйтүп жана салыктан качуу аракеттерин натыйжалуу аныктоого шарт түздү. Эң башкысы – биз реактивдүү контролдоо моделинен алдын ала иш алып барган заманбап башкаруу системасына өттүк.

– Бул өзгөрүүлөр салык жыйноо көрсөткүчтөрүнө кандай таасир этти?

– Салыктык түшүүлөрдүн динамикасы жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалуулугунун эң объективдүү көрсөткүчү болуп саналат. Эгерде 2020-жылы түшүүлөрдүн көлөмү 79 млрд. сомду түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 308 млрд. сомго жеткен. Демек, беш жылдын ичинде өсүш дээрлик төрт эсеге көбөйдү.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 391 млрд. сомдон ашык салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды. Белгиленген план 8,2 млрд. сомго ашыгы менен аткарылды, ал эми 2024-жылга салыштырмалуу түшүүлөр 89,4 млрд. сомго көбөйдү.

2026-жылдын биринчи кварталында 113 млрд. сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды. План 4 млрд. сомго ашыгы менен аткарылды, ал эми 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,5 млрд. сомго көп жыйналган. Ошол эле учурда бул кыска мөөнөттүү эффект эмес, системалуу тенденция экендигин баса белгилеп кетүү зарыл. Бардык жетишилген натыйжалар Президенттин жана Министрлер Кабинетинин тапшырмасы боюнча ишке ашырылып жаткан мамлекеттик саясаттын мыйзам ченемдүү жыйынтыгы болуп саналат.

Ал эми өсүш – санариптештирүү, салык базасын кеңейтүү, экономиканы легалдаштыруу, ачык-айкындуулукту жана ишенимди жогорулатуунун эсебинен камсыз болду. Биз салык ставкаларын көтөргөн жокпуз – бул принципиалдуу позиция. Мындан тышкары, бир катар учурларда салык жүгү азайтылган. Саясий көз караш менен караганда, бул биз тандаган багыттын тууралыгын тастыктап турат, демек, экономикалык өнүгүү жана бюджеттик өсүш кысым аркылуу эмес, шарттарды түзүү аркылуу жетишилет.

– Бизнеске колдоо жана салык жеңилдиктери боюнча кандай чаралар көрүлүүдө?

– Ишкердикти колдоо – биздин негизги артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири. Ишкердикти колдоо жана экономиканы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү Салык кызматынын негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Акыркы бир жарым жылда салык жүгүн азайтуу жана экономиканын артыкчылыктуу тармактары үчүн салык жеңилдиктерин кеңейтүү боюнча масштабдуу саясат ишке ашырылды. Көңүл борборунда айыл чарбасы жана кайра иштетүү, IT-индустрия, энергиянын жаңыртуу булактары, тигүү жана зер буюмдары тармагы, ошондой эле спортту өнүктүрүү сыяктуу социалдык мааниге ээ багыттар турат.Чакан жана орто бизнес үчүн салык режимин тандоо мүмкүнчүлүгү сакталды. Бул бизнеске ыңгайлуу шарт түзөт. Ал эми мамлекетке туруктуу жана кеңейүүчү салык базасын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда салык ставкалары постсоветтик мейкиндиктеги эң төмөнкүлөрүнүн бири болуп калууда жана бул өлкөнүн маанилүү атаандаштык артыкчылыгы болуп саналат.

– Салык төлөөчүлөрдү тейлөө системасы кандай өзгөрдү?

– Акыркы жылдары түп-тамырынан өзгөрүүлөр болду. Дээрлик бардык отчеттуулук электрондук форматка өттү. “Салык төлөөчүнүн кабинети” негизги инструментке айланды. Бул салык органдарына жеке баруу зарылдыгын дээрлик толугу менен жокко чыгарууга мүмкүндүк берди.

Эсепке алуунун санариптик инструменттери ишке киргизилип, бул процесстерди автоматташтырууну жана текшерүүлөрдүн санын азайтууну камсыз кылды. Сервистик инфраструктура өнүктү, алсак, калкты тейлөө борборлору, «Бирдиктүү терезелер», маалымат борбору, онлайн-сервистер иштеп жатат.

Кайтарым байланыш механизмдери киргизилип, жарандардын жана бизнестин кайрылууларына ыкчам жооп берилүүдө. Мындан тышкары, айрым салыктарды жокко чыгаруу, карызды жоюу жана салык жеңилдиктерин кеңейтүү сыяктуу системалуу мааниге ээ чечимдер кабыл алынды. Биз мамлекеттик кызматтар жеткиликтүү, түшүнүктүү жана ыңгайлуу болушу керек деген принципке өттүк.

– Салык маданиятын жогорулатуу боюнча кандай иштер жүргүзүлүүдө?

– Салык сабаттуулугун жогорулатуу – бул узак мөөнөттүү стратегиялык багыт. Ал туруктуу салык системасын түзүүнүн маанилүү элементи болуп саналат. Иш комплекстүү жүргүзүлүүдө: жаштар менен иш алып барылууда, окутуу иш-чаралары өткөрүлүүдө, бизнес үчүн семинарлар уюштурулууда.

Ошондой эле, ЖМКлар жана санариптик каналдар аркылуу активдүү маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бирок эң негизгиси – бул практикалык тажрыйба. Система жөнөкөй жана ыңгайлуу болгондо, салык маданиятынын деңгээли табигый түрдө жогорулайт.

– IT технологиялар канчалык деңгээлде ишке киргизилди?

– Учурда биз салыктык башкаруунун толук санариптик моделине өтүп жатабыз. Көпчүлүк процесстер автоматташтырылып, маалыматтарды талдоо тутумдары, фискалдык программалык чечимдер киргизилген. Ошондой эле, тоталдык текшерүүлөрдү жүргүзбөстөн тартип бузууларды аныктоо мүмкүндүгү бар “Салык Күзөт” тутуму ишке киргизилди.

Дагы бир маанилүүсү – базарлардагы жана соода борборлорундагы санариптештирүү болду. Жүргүзүлгөн пилоттук долбоорлор адам факторун азайтууда коррупциялык тобокелдиктер кыйла төмөндөп жана салык тартиби жогорулай турганын көрсөттү. Системанын өзөгүн түзгөн негизги багыт – бул субъективдүүлүктү жоюп, баарына бирдей эрежелерди камсыз кылган автоматташтырылган контролдоо системасына өтүү.

– Кандай негизги көйгөйлөр сакталууда?

– Негизги чакырык – бул көмүскө экономика. Оң динамикага карабастан, укук талаасынан тышкары иш жүргүзгөн бизнес субъекттеринин белгилүү бир бөлүгүнүн болушу. Бул тең атаандаштык шарттарын бузуп, системанын жалпы натыйжалуулугуна терс таасирин тийгизет. Ошондой эле психологиялык тоскоолдук бар – айрымдар системаны өнөктөш катары кабылдай элек. Ошондуктан биздин милдет – жөн гана салыктык башкаруу эмес, коомдук кабыл алуу-ну өзгөртүүгө да багытталат.

– Коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча кандай чаралар көрүлүүдө?

– Бул багытта системалуу иштер жүргүзүлүүдө. Негизги чечимдердин бири – борбордук аппараттан көчмө текшерүү жүргүзүү функцияларын алып салуу болду. Бул коррупциялык тобокелдиктердин олуттуу бөлүгүн жоюуга мүмкүндүк
берди.

Экинчи багыт – санариптештирүү. Бул процесстерде адамдык фактор канчалык аз болсо, кыянаттык ыктымалдыгы ошончолук аз болот. Үчүнчүсү – ачык-айкындуулук жана жоопкерчилик. Биз кайтарым байланыш механизмдерин киргизип, ички контролдоону күчөтүп жатабыз. Биздин максат – коррупция жазалануучу гана эмес, техникалык жактан мүмкүн болбогон деңгээлдеги системаны калыптандыруу.

– Жакынкы жылдардагы стратегиялык максаттарыңыздар кандай?

– Биз Салык кызматын келечекте заманбап, санариптик жана сервиске, салык төлөөчүлөр менен өнөктөш иш алып баруу-га багытталган мамлекеттик институт катары көрөбүз. Негизги максат – толук кандуу заманбап салык системасын түзүү. Ал фис-калдык функцияны гана аткарбастан, ачык, түшүнүктүү, технологиялык жана экономиканын өнүгүшүнө багытталган система болушу зарыл. Бул жерде кандай гана салык системасы болбосун, эң негизги фактор – бул ишеним. Ишеним болбосо салык милдеттенмелердин ыктыярдуу аткарылышы да, туруктуу жана узак мөөнөттүү бюджеттик системаны куруу да мүмкүн эмес.

Ошондуктан төмөнкүлөр биздин артыкчылыктуу багыттар болуп саналат: салыктык башкарууну андан ары жөнөкөйлөтүү жана административдик жүктү азайтуу; санариптик сервистерди ырааттуу өнүктүрүү жана процесстерди автоматташтыруу; ишкердикти колдоо жана инвестициялык активдүүлүктү стимулдаштыруу; экономикалык процесстердин ачыктыгын жогорулатуу жана салык базасын кеңейтүү.

Стратегиялык планда экономикалык өсүшкө дем берген, бизнес үчүн шарттарды түзгөн, рыноктун бардык катышуучулары үчүн адилеттүү жана бирдей эрежелерди камсыз кылган салык системасын калыптандыруу милдети турат. Эң башкысы – мамлекет менен коомдун ортосундагы ишенимди бекемдөө. Дал ушул ишеним туруктуу, заманбап жана натыйжалуу салык системасынын негизи болуп саналат.

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу

 

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз