Башкы беткеРубрикаларБилим берүүСадыр Жапаров илим тармагын реформалоо боюнча жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров илим тармагын реформалоо боюнча жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров илим тармагын реформалоо жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу тууралуу Жарлыкка кол койду.

Документ илим, билим берүү жана өндүрүш ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган.

Жарлыкка ылайык, илимий уюмдарга каржылык өз алдынчалык берилип, алар илимий изилдөө, билим берүү жана коммерциялык ишмердүүлүк аркылуу өз алдынча каражат таба алышат. Ошондой эле өз кирешелерин эмгек акыга, базаны өнүктүрүүгө жана стимулдук төлөмдөргө жумшоого укуктуу болушат.

Мындан тышкары, жогорку окуу жайларга атайын эсептериндеги каражаттын кеминде 3 пайызын илимий изилдөөлөргө багыттоо милдети жүктөлдү.

Министрлер кабинетине алты ай ичинде тиешелүү иштерди жүргүзүү тапшырылды. Жарлык 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Гезит

Салык системасындагы реформалар

          Мамлекеттик салык кызматы бүгүнкү күндө терең институционалдык трансформация баскычынан өтүүдө. Мамлекет акырындап басымга негизделген эски моделден чыгуу менен, экономиканы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар