2025-жылдын 6–8-ноябрь күндөрү Түндүк Кипрде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) Түрк дүйнөсү стратегиялык изилдөө борбору жана Анкара коомдук илимдер университети биргелешип уюштурган V “Манас” форуму ийгиликтүү өттү. Иш-чаранын негизги темасы — “Аймактык жана глобалдык өнүгүүлөрдүн алкагында Түрк дүйнөсү” болду.
Форумдун ачылыш аземи Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Президенттик комплексинде өткөрүлүп, ага ТКТРнын президенти Туфан Эрхүрман, Түркиянын Элчиси Али Мурат Башчери, КТМУнун Камкорчулар кеңешинин төрагасы профессор Ибрахим Чапак, КТМУнун ректору профессор Алпаслан Жейлан, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев жана бир катар окумуштуулар катышты.
Форумдун жүрүшүндө Түрк мамлекеттеринин кызматташтыгы, Евразиядагы геосаясий өзгөрүүлөр жана Түрк дүйнөсүнүн келечеги тууралуу баяндамалар жасалды. КТМУнун Камкорчулар кеңешинин төрагасы профессор Ибрахим Чапак форумдун жыйынтыктары теориялык деңгээлде гана эмес, практикалык кадамдар менен да мааниге ээ болорун белгиледи.
Ал эми Түркиянын Элчиси Али Мурат Башчери түрк мамлекеттеринин XXI кылымда күч борборуна айлануу мүмкүнчүлүгүн белгилеп, биримдикти бекемдөө зарылдыгын айтты. ТКТРнын министри Эрхан Арыклы 2006-жылы Кыргызстандын ошол кездеги маданият министри Султан Раевдин демилгеси менен түзүлгөн алгачкы маданий кызматташтык протоколун эске салып, анын маанисин жогору баалады.
КТМУнун ректору профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө “Манас” университети билим берүү мекемеси гана эмес, аймактык жана глобалдык маселелерди талдоочу интеллектуалдык борбор экенин белгиледи. Ал ошондой эле дүйнөдөгү күч балансынын Азия–Тынч океан аймагына жылып бара жатканын айтып, “Жаңы Евразия концепциясы” түрк мамлекеттеринин кызматташтыгы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.
“Түрк дүйнөсүндө интеграция жана кызматташтык күчөп, келечекке үмүт жаратууда. Исмаил Гаспыралынын ‘Тилде, пикирде, иште биримдик’ урааны бүгүн иш жүзүндө ишке ашып жатат”, — деди ректор Жейлан.
Форум жыйынтыгында КТМУнун ректору профессор Алпаслан Жейлан Анкара коомдук илимдер университетинин ректору профессор Муса Казым Арыжанга КТМУнун 30 жылдык кызмат медалын тапшырды. V “Манас” форумы Түрк дүйнөсүндө интеграцияны жана академиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган маанилүү платформа катары бааланды.

