Европанын айрым аймактарында температура 40°Сден ашып, аптаптуу күндөр жаратылышка, инфраструктурага жана калктын коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч жаратууда. Бул тууралуу Euronews жазды.
Түркияда токойлордо өрт чыгып, эң оор абал Измир провинциясындагы Чешме шаарында байкалууда. Өрттү өчүрүүгө жүздөгөн адистер жана авиация тартылып, миңдеген адамдар эвакуацияланды. Бир адам түтүнгө ууланып көз жумганы кабарланды.
Италиянын 27 ири шаарынын 17синде аба ырайы нормадан кыйла жогору. Өлкө Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, күн өтүүдөн кеминде беш адам каза тапкан. Больцано шаарында 37°С ысыкта асфальт кээ бир жерлерде эриген учурлар болгон. Шаар бийлиги күн тийбеген зоналарды көбөйтүү максатында дарак отургузууну улантып жатат, бирок жер алдындагы инженердик түтүктөр жашылдандырууга тоскоол болуп жатканын белгилешүүдө.
Австриянын Зальцбург шаарында 38°Сге жеткен ысыкта тургундар жана туристтер салкын жайларды издеп жатышат. Метеорологдордун айтымында, бул аймакта 30°Сден ашкан күндөрдүн саны акыркы он жылдыкта эки эсеге көбөйгөн. Жогорку температуралар жана кургакчылык токой өрттөрүнүн коркунучун күчөтүп, айыл чарба техникалары өзгөчө көзөмөлгө алынууда.
Швейцарияда да аптап энергетика тармагына таасир этти. «Безнау» атомдук электростанциясы суунун ысып кетишинен улам жарым-жартылай токтотулду. Axpo маалымдагандай, дарыяга кайра куюлуучу ысык суу экосистемага зыян келтириши мүмкүн болгондуктан, бир реактор токтотулуп, экинчиси 50% кубаттуулукта иштеп жатат.
ЕБнин Copernicus климат кызматынын 2024-жылдагы баяндамасында айтылгандай, Европада аба ырайынын ысып кетүү ылдамдыгы дүйнөлүк орточодон эки эсе жогору. Бул континент климаттык өзгөрүүлөрдү эң ылдам сезип жаткан аймактардын бири экени дагы бир жолу ырасталды.