whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
27.8 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомБишкекте эл аралык укуктук форум өтүүдө

Бишкекте эл аралык укуктук форум өтүүдө

4-июлда Бишкекте өтүп жаткан IV эл аралык укуктук форумда «Санариптештирүү: юриспруденция жана юридикалык билим берүү практикасындагы тенденциялар жана жаңы чакырыктар» темасы талкууланууда.

Жогорку соттон билдиришкендей, форумда Кыргызстан, Россия, Казакстан, Кытай, Өзбекстан, АКШдан жана башка өлкөлөрдөн келген белгилүү юристтер, адвокаттар, эл аралык уюмдардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, окумуштуулар ой бөлүшүштү.

«Жаңы санариптик реалдуулук өлкөлөрдү жана бүтүндөй региондорду тездик менен өзгөртүүдө. Ошондуктан, сот өндүрүшүнө санариптик технологияларды киргизүү учурда  сот адилеттүүлүгүнө болгон жеткиликтүүлүктү камсыз кылуунун, сот тутумунун ачыктыгын жогорулатуунун, сот өндүрүшүн жөнөкөйлөтүүнүн (байланыштардын басымдуу бөлүгүн санарип чөйрөгө өткөрүү аркылуу), чыгымдарды азайтуунун ажырагыс шарты катары каралууда», – деп белгиледи Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев өз сөзүндө.

Ошондой эле ал санариптештирүү жөн гана технологиялар эмес, бул жаңы компетенциялар, этикалык чакырыктар, киберкоопсуздук жана адам укуктарын сактоо маселелери экенин баса белгиледи.

Катышуучуларды пленардык жыйында, негизги темалар боюнча эксперттер менен панелдик талкууларда, TEDx форматына ылайык мастер-класстарда жана сунуштарды иштеп чыгуу үчүн өткөрүлө турган параллелдүү сессияларда кызыктуу талкуулар күтүп турат.

Белгилей кетсек, эки күнгө созулган бул форум Кыргызстандын Юридикалык клиникалар ассоциациясы, Судьялар ассоциациясы, Акыйкатчы институту, Юстиция министрлигине караштуу юридикалык жардам көрсөтүү кызматы, Кунаев атындагы университет жана эл аралык өнөктөштөр тарабынан уюштурулган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар