1-сентябрдан баштап мугалимдер электрондук журнал гана пайдаланышат. Бул тууралуу агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова 4-июнда райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен онлайн-кеңешмеде билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган кеңешмеде Надира Жусупбекова билим берүү системасын бюрократиядан арылтуу максатында жасалып жаткан иштерге дагы токтолду.
Агартуу министринин орун басары мурда мугалимдер толтуруп келген класстык журнал жокко чыгарылганын, 2025-2026-окуу жылында мугалимдер «Мугалим» автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу электрондук журнал толтурушарын билдирди.