«Алтын глобус» сыйлыгы ээлерин тапты

Лос-Анжелесте кино жана телевидение тармагындагы 83-«Алтын глобус» сыйлык тапшыруу аземи өттү. Кечки салтанаттын башкы триумфатору режиссёр Пол Томас Андерсондун «Согуштан согушка»(«Битва за Битвой») аттуу кара комедиясы болду.

Леонардо ДиКаприо тартылган тасма тогуз номинацияда көрсөтүлүп, төрт сыйлыкка — мыкты комедиялык фильм, мыкты режиссура, сценарий жана мыкты экинчи пландагы аял ролу үчүн ээ болду.

Ошондой эле Netflix’тин «Өткөөл курак» мини-сериалы да төрт сыйлык алды. Андагы ролу үчүн 16 жаштагы Оуэн Купер «Мини-сериалдагы мыкты экинчи пландагы актер» наамын жеңип алды.

Ал эми мыкты драмалык фильм деп Хлои Чжао тарткан «Гамнет» тасмасы табылды. Башкы ролду аткарган Джесси Бакли мыкты аял актёр сыйлыгына ээ болду.

«Алтын глобус» сыйлыгы адатта «Оскар» сыйлыгына талапкерлерди аныктоочу негизги көрсөткүч катары бааланат.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз