whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
37.6 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКадимден калган кандагай

Кадимден калган кандагай

(Улуттук тарых музейинин этнография фондусунун коллекциясынан)

Бул кандагай шым, болжолдуу XVIII к. таандык этнографиялык баалуу музей экспонаттарынын бири.

Кыргыздын эркектери кийе турган тоо теке, багыштын ж.б. терисинен тигилген шым түрү. Сары түскө боелуп, жибек жибинен жаныбарлардын мүйүз оюм жана куш тырмак оюмдары түшүрүлүп саймаланган. Белине бүчүлөө үчүн ычкыр тагылган.

Кандагай шым, күнүмдүк чалбар, жаргак шымдардан айырмаланып, жоокерчилик заманда баатырлар, балбандар эр сайышка, оодарышка, балбан күрөшкө  кийишкендиги элдик жана илимий булактарда эскерилет.

“Манас” эпосунда Каныкей тиккен кандагай шымды, Кошой баатыр калмактардын Жолой балбаны менен күрөшкө түшкөндө кийгендиги чебер сүрөттөлөт. Анда: «Бабам Кошой кийсе деп, бала үчүн жүрөм ынтызар, батасы мага тийсе деп», тилек кылып он эки жыл узанганы, Кошой баатырга арнап даярдагандыгы, ага ыраазы болгон карыя батасын бергендиги айтылат.

Кайберендин терисинен ийленип иштелген, абалтан келе жаткан кийимдин дагы бир үлгүсү “Бай кыргыз мергенчиси ителгиси менен” аталыштагы, солто уруусунун манабы Байтик Канай уулу деп болжолдонуп жүргөн В.Верещагиндин 1871-жылы Кыргызстандан тарткан репродукциялык фотосүрөтүндө да берилген.

Оокаттуу, бардар адамдар кийгендиги саймаларынан да көрүнүп турган, мурас жайдын сыймыктанаар экспонаты кийимдер коллекциясынын көркүн арттырып келет.

Аталышы: Кандагай шым. материалы: тери, жибек жип. түсү: сары, кара, мезгили: XVIII к.

Өмүрбек САМУДИНОВ,
Улуттук тарых музейинин илимий кызматкери (атайы “Кыргыз Туусу” үчүн)

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар