Чыгарманын жаралуу тарыхы
Көпчүлүк адабияттарда белгилүү акын-агартуучу, чыгармаларын кагазга өзү жазып, түшүргөндүгү үчүн жазгыч акын аталган Кылыч Шамыркан уулу Кочкордогу Бугучу деген жерде 1866-жылы төрөлгөн, деп айтылат. Аны изилдөөчүлөр туура көрүшүп, дээрлик бардык адабияттарда акындын туулган жылы 1866-жыл деп берилип жүрөт. Ага чейин изилдөөчү, фольклорчу К.Мифтаков анын туулган жылын 1877-жыл деп көрсөткөн. Алардан айырмаланып, акындын замандашы Белек Солтоноев (1878–1938) Молдо Кылыч акындын 1875-жылы төрөлгөндүгү жөнүндө жазат. Ал турсун, анын доңуз жылында туулгандыгын жана 1917-жылы 42 жашында каза болуп, кабыры туулган жери Кочкордо деп көрсөтөт. Чындыгында, Белек Солтоноевдин маалыматы туура деген ойдобуз. Анткени, ал Кылычты жакындан билип, алгач 1911-жылы Коңур жайлоосунда таанышкан жана кийинки 1913-жылы жолукканында, бир нече күн жанында болуп, чыгармаларын көчүрүп алгандыгы белгилүү.
Изилдөөчү Тазабек Саманчиндин маалыматы боюнча, Кылычтын теги – жети атасынан бери журт бийлеген Сарыбагыш уруусундагы белгилүү тукум. Өз атасы Шамыркан – Төрөгелдинин тун уулу. Шамыркан калган төрт иниси – Баатыркан, Үркүнчү, Карасай, Чоткаралардай журт бийлигине аралашкан эмес. Бирок, өз оокатына тың, айыл аксакалы болуп, сый үстүндө өткөн. Шамыркан “ата бийлигин колго алар бекен” деп Кылычтан көп үмүт кылган. Кылыч акындыктын артына түшө баштагандан кийин “ырдын артынан кетти, бул уулум да болбоду” деген экен.
Молдо Кылычтын 1911-жылы жарык көргөн “Кысса и-Зилзала” деген эмгеги алгачкы басылма катары таанымал болгон. Чыгарманын жарык көрүшүнө түздөн-түз жардам берген кыргыздын белгилүү агартуучусу, коомдук саясий ишмери, Уфадагы “Галия” медресесинде окуп жүргөн Эшенаалы Арабаев (1882–1933) болгон. Ал китептин жоопкерчилигин өз мойнуна алып, баш сөзүн жазган: “Сарбагыш уругунан, сабаттуунун тунугунан, Кара Кочкор туругунан чыккан машфур (белгилүү) шайыр (акын) Молдо Кылыч 20 жылдан бери акындык менен көп казал жазып чыгарган эле…”. Китептин сыртында китептин кайда сатылары да (Токмокто “Экбалия” китепканасында, Караколдо Сулайманов менен Абдулвалиевдин (келечектеги улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун таятасы) дүкөндөрүндө) да жазылган.
Чыгарма 1910-жылы 22-декабрда эпицентри Чоң-Кемин болгон Жети-Суу аймагындагы катуу жер титирөөгө арналган. Анда негизинен Чоң-Кемин жергесинде бул окуя кандай болгондугу тууралуу баяндалат.
Расмий маалыматтар… окуянын чагылдырылышы
Чоң кырсык болгон күнү эле Жети-Суу облусунун аскер губернатору, генерал-майор М.А.Фольбаум Ташкентке Түркстан генерал-губернатору А.В.Самсоновго жөнөткөн телеграммасында таңкы саат 4.30да күчү 9 же 10 баллга жеткен жер титирөө болгондугун билдирет.
Ал эми Токмок уездинин приставы Ю.И.Кутуковдун Пишпек уездинин начальниги Г.Ф.Путинцевге Токмок участкасындагы жер титирөөнүн кесепеттери жана почта жолунун ремонту жөнүндөгү 30-декабрда жазган рапортунда төмөндөгүдөй белгиленет: “22-декабрда саат 4.30да мага караган аймакта жер алдынан чыккан үн менен коштолгон эки мүнөткө созулган жер титирөө болуп өттү. Мындан кийин 30-декабрга чейин дагы деле жердин катуу силкиниши сезилип турду. Айрыкча Боом капчыгайы жана Сарыбагыш болуштугунда интенсивдүү болду. Жер титирөөдө баарынан көп зыянга учураган Сарыбагыш болуштугу, расмий билдирүүлөр боюнча 164 адам каза тапты, бирок Көкүрөк жана Күнгөй капчыгайларында каза тапкандар тактала элек. Каза тапкандардын ичинде милициянын аскердик старшинасы (войсковой старшина милиции) Шабдан Жантаевдин бир тууганы – Иманаалы Жантаев жана уулу Кемел Шабдановдун аялы да бар. Сарыбагыш болуштугундагы бардык курулуштар жана кыштоолор талкаланган. Атаке болуштугундагы балчылардын турак-жайлары катуу зыянга учурагандыктан, балчылар боз үйлөргө өтүштү. Сарыбагыш болуштугунда болуштун болжолдуу эсептөөлөрү боюнча 100 миң рублдай зыян тарткан…”
Ю. Кутуков ошондой эле Ново-Дмитриевский бекетинен жана Жал-Арыктан Токмокко чейинки аралыктагы почта жолу бузулгандыгын, телеграфтык 50 мамынын тоодон кулаган таштардан талкалангандыгын, өзү Тынай, Шамшы, Карабулак жана Атаке болуштуктарынан жыйналган 550дөй жумушчулар менен барып, 22-декабрдан 26-декабрга чейин жол тазалангандыгын айтат. Жумуш эртең мененки 6дан түнкү 11ге чейин созулуп, айдын жарыгында иштешкендиги, алгачкылардан болуп, Тынай болуштугунун болушу Касым Мурзабаев 15 адам менен келип, андан соң ошол эле болуштуктан Дүр Сооромбаев 250 адамды алып келгендиги, 78 жаштагы Кашка Сатыбеков деген аксакал өтө кооптуу жерлерде иштеп, үлгү көрсөткөндүгүн белгилеп, бул кыргыздарды сыйлоону сунуштайт.
Чүйдүн башы Чоң-Кемин,
Мен айтайын билгеним.
Анык билген адамдар,
Айтып берди көргөнүн.
Үч жүздөн ашык кишиден,
Жери урап өлгөнүн.
Там жыгылып баскандан,
Өлүгүн алып көмгөнүн [7, 253].
“Туркестанские ведомости” газетасына 1911-жылы 8-январда жарыяланган макалада “27–30-декабрда Чоң-Кеминде урандылар алдынан 204 адамдын сөөгү казылып алынгандыгы” жөнүндө айтылат. Демек, акындын чыгармасында өлгөн адамдардын саны тагыраак көрсөтүлүп жатканы көрүнүп турат.
Дагы бир 1911-жылы 11-майдагы Мамлекеттик Думага Жети-Суу облусунун калкына 1 100 000 рубль өлчөмүндө жардам көрсөтүү боюнча Аскердик жана Финансы министрлеринин берген маалыматтары боюнча, Сарыбагыш болуштугунда 192 адам өлүп, 48 адам оор жаракат алгандыгы, алардын да жарымына жакыны көз жумгандыгы, 300дөн ашуун үйлөр кыйрагандыгын, 2098 баш ири мал, 10000дей майда жандыктардын өлгөндүгүн, бардыгы болуп – 95 487 рубль зыян келтирилгендигин, ал эми Атаке болуштугунда 53 адам каза таап, 41 адам оор жаракат алгандыгы (алардын да көпчүлүгү кийин көз жумган), 350дөй турак-жайлар талкалангандыгы, 1323 баш ири мал, 5 миңге жакын майда жандыктар өлгөндүгү, 53 118 рубль зыян келтирилгендиги көрсөтүлгөн.
Солкулдады Чоң-Кемин,
Күнгөйдөгү Байсоорун,
Там жыгылып, таш басып,
Далай жандын өлгөнүн,
Билгендердин сурасак
Айтып берди көргөнүн.
Бир канча жер жарылып,
Ысык-Көлгө киргенин.
Ынанбасаң барып көр,
Муну жалган дебегин.
1910-жылы 28-декабрда Пржевальск уездинин начальниги капитан Гусевдин Жети-Суу облусунун аскер губернатору М.А.Фольбаумга жолдогон рапортунда Ысык-Көлдүн түштүгү анчалык зыянга учурабагандыгы, бирок түндүгүндөгү Сазановское, Алексеевское, Фольбаум, Михайлов жана Николаевск станицасы талкалангандыгын, 12 адамдын урандынын алдында калгандыгы (аты-жөндөрү толук берилген), Күнгөй Аксуу болуштугундагы Ачык-Ташта – 7 адам, Байсоорунда – 1, Тегирментиде – 3, Кичи Аксууда – 2 адамдын тоодон кулаган таштардан каза тапкандыгын кабарлаган. Ал ошондой эле Күрмөнтү болуштугунда жер көчкүдөн жана ураган таштардын алдында Кичи Сары-Булак айылында – 13 адам, Кара-Баткакта – 8, Игинатыда – бир, Кутургуда – бир, Кара-Керегеде – бир жана Күрмөнтүдө – бир адам өлгөндүгү, алардын ичинен сегиз адамдын али казылып алына электигин жазган. Рапортто жер көчкүнүн алдында 145 жылкы, 135 ири мүйүздүү мал, 1332 кой жана 1930 пуд дан калган жана калган мүлктүн баасы – 1370 сомго барабар, бирок маалыматтар так эмес, кийин дагы такталып, акты түзүлөт, деп билдирет.
Молдо Кылыч да элдин жашоо-турмушундагы өтө маанилүү азык – ороо-догу эгиндин жер алдында калышын төмөндөгүдөй сүрөттөгөн:
Ороодогу эгинди,
Жер жарылып житирди.
Капчыгайдан таш кулап,
Кара жолду бүтүрдү.
Мындан тышкары, Күнгөй Аксу болуштугундагы Алексеевск кыштагынын жанындагы, Кара-Чийде телеграф линиясы бузулгандыгын, 24-декабрда анын жергиликтүү элдин жардамы менен калыбына келтирилгендиги, Преображенск – Ойтал, Ойтал – Сазановка почта жолу бузулгандыгын, Кутургуда жер катмары чөгүп кеткендиктен, жолду жаңы жерге которушкандыгы тууралуу маалыматтар берилген.
Рапортто “Преображенск кыштагынан Кичи-Аксууга чейинки жерде жарака кетти. Сазановка кыштагы жайгашкан жер мурдагы деңгээлинен үч аршинге (1 аршин – 0,71 см) төмөнгө түштү”, – деп көрсөтүлгөн.
Андан мурун эки жыл,
Бир канчалык чайкалды,
Кыйын болду ал дагы,
Төшөктөгү адамды,
Калбырдай кылып ыргады.
Молдо Кылыч бул жерде балким 1908-жылы 28-декабрда, күчү 7,5 балл болгон Мессин жер титирөөсү (Италия) жөнүндө сөз кылышы да ыктымал, анткени анын кесепетинен 200 000дей адам каза болуп, жыйырмадан ашуун калктуу пункттар талкаланган. Бул тууралуу ошол мезгилде кыргыз жергесине келип турган газета-журналдардагы макалалардан балким таанышкандыр деген да ой жаралды.
Алматыны, Кашкарды,
Абал мындан баштады.
Анжыянды зилзала,
Бүлүндүрүп таштады.
Сүйлөбөйлү Кудайдын,
Кудуретинен башканы.
Баары туташ кара жер,
Муну байкап биле көр,
Жер силкинсе бир жерге
Билбей калар башка эл.
Чындыгында, Алматы шаарында (1867–1921-жылдары Верный деп аталган) 1887-жылы 28-майда 4.30да башталып, күчү 9–10 баллга жеткен катуу жер титирөө болуп, 332 адам каза болгон. Алардын ичинде кыргыздар да болгон (айрым маалыматтар боюнча 67 адам). Жер титирөөнүн күчү Ысык-Көл уездинде да байкалганы тууралуу Ысык-Көл уездинин коллеж советниги И.А.Колпаковский Жети-Суу облусунун губернатору А.Я.Фридеге жазган рапортунда билдирген. Анда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата суусу куйган жериндеги 10–12 сажень (2,13 м) кеңдиктеги жээги 1–3 фут (1 фут – 30,48 см) чөгүп, андан пайда болгон жаракадан кум аралашкан магниттүү темир кошулмасы атылып чыгып жана күкүрттүн жагымсыз жыты жыттанып турган [4, 93].
Анжиянда 1902-жылы 3-декабрда күчү 6,4, эпицентринде 9 баллга жеткен жер титирөө болуп, 11000 жергиликтүү турак-жайлар (топурактан салынган) жана европалык типтеги 161 имарат талкаланган. Өлгөндөрдүн саны 4602, башкача айтканда, шаар тургундары жана шаарга жакын жердегилердин 9% түзгөн. Келтирилген зыяндын өлчөмү 12 млн. рублди түзгөн. Анжиян жер титирөөсүнөн
кийин ХII кылымга Караханийлер дооруна таандык байыркы Өзгөн мунарасынын үстүңкү бөлүгү талкаланып, 17 метрге төмөндөгөн, ошондуктан учурда анын бийиктиги 44 метрге гана жетет (Каррыев 2006-2009).
Чоң Анжыян, чоң Кашкар,
Зилзаладан бузулду.
Ажалы жок адамдар,
Чыга качып кутулду.
Тагдыр жеткен бенделер,
Тамда калып тутулду.
Беш-алты жыл ичинде
Бир алаамат башталар.
Байкап көрчү ушуну,
Солкулдады кара жер.
Жогоруда айтылгандай, үйлөрдүн дубалы ылайдан тургузулуп, чатыры да топурактан салынып, үстү-үстүнөн шыбалгандыктан, оор тартып, жер титирөөдө көптөгөн адамдар урандылардын алдында калган. Ал эми кыштан тургузулган үйлөр анчалык зыян тарткан эмес, деп жазган Батыр Каррыев өз эмгегинде. Ошол учурда чыгып турган “Нива” гезитинде (1903, №2): “Мусулман калкы катастрофаны магометандарга таандык фатализм жана тагдырга баш ийүү менен кабыл алышты. Алгачкы көз ирмемдерде алардын арасында онтоолор, ызы-чуу угулуп жатса, кийин сарттар кырсыкка баш ийишип, көпчүлүк ар бир жаңы толкунда “Аллах Акбар!”, “Кудай урду”, “Кудайдан”, деген үндөр менен коштоду. Көпчүлүктүн бул маанайын дүйнө кезип жүргөн дервиштер пайдаланып, аларды кылган күнөөлөрү үчүн кечирим суроо керек экендиги жөнүндө, элдин шариятты, ата-бабалардын осуяттарын унутуп, орозо кармабай жатышканын, пейилдин бузулуп, байлыкка кызыгып кеткендиктерин айтып жатышты. Эл болсо аларды көңүл коюп угуп, бир да бирөөнүн нааразылык айтканы, каргаганы же ыйлаганы угулган жок”, деген ошол учурдагы элдин маанайын билдирген макала жарыяланган.
Акын да ушундай эле мазмунда нарк-насил бузулганын чагылдырып:
Ай тутулуп жарытмак
Күн кетилип нур таймак.
Куйруктуу жылдыз көп чыгып,
Асмандагы Ай, Күндү,
Бетин жаап кир чалмак.
Адамзаттын шумунан,
Анты, шерти убада
Баары кетти жалтайлап.
Эл кыдырды кожолор,
Амал кылбай молдолор,
Адам акын көп жеди,
Түрлүү түрлүү бенделер.
Кууланган жорук көбөйдү,
Кудайдан башка ким билер.
Молдо Кылыч жер титирөө учурунда адамдардын психологиялык жактан жабыркагандыгы, жанындагы жакындарына карабай качкандар жөнүндө да жазат:
Абайлачы жигиттер,
Ушу сөзүм төгүнбү?
Катыны жатса карабай,
Балаларын эстебей,
Далай адам жылаңач,
Чыккан экен чыдабай.
Адам бенде курусун,
Акыл эсти курутуп,
Коркутпачы кудай ай!
“Жер толкундай эле жылып жатты”…
Чындыгында, адамзат тарыхында чоң катастрофаларда адамдардын акылынан айнышы, психологиялык оор жагдайлар да арбын кездешет. Мындай учурлар жөнүндө 1912-жылкы отчетто мындай деп көрсөтүлөт: “Бир эле Верный шаарында жер титирөөдөн кийинки эки жумада 7 адамдын акылынан айныгандыгы, 64 адамдын психологиялык жактан олуттуу жабыр тартканы катталды. Үй-жайынан ажыраган адамдардын айрымдары ыйлашып, айрымдары акылынан айнып, дагы бирлери такыр эле кырсыктын болгонуна же мал-мүлкүнө кайдыгер карап, көчөдө тентип калышты. Паникага алдырган элдин көпчүлүгү соо калган үйлөргө кирүүдөн да чочуп жатышат. Орус кыштактарындагы чиркөөлөргө сыйынган элдин санынын көбөйгөнүн, ал эми кыргыздар түз жерлерге чогулушуп, акыр заманды күтүп, тамак-аш тууралуу ойлобой да калышты”, – деп көрсөтүлөт [4, 607].
Жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн атайын түзүлгөн Жети-Суу облустук комитетинин 1912-жылы жазган отчетунда: “Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде Алексеевск кыштагынан Сазановск кыштагына чейинки 112 верст (1066,8 м) аралыкта жер жарылып, почта жолунда 3 сажень (6,39 м) терендиктеги, узундугу 1 версттен ашык жана туурасы 2 верст болгон чуңкур пайда болгон. Алексеевск кыштагынын жанында жол кыры менен толкун түрүндө жатып, 8 телеграф мамысы көлгө карай 80 сажень (170 м) ыргып кеткен”, – деп жазылат.
Жердегеним кең Кочкор,
Аяк жагы Семиз Бел,
Нар жагына карасаң,
Мелтиреген Ысык Көл,
Жер силкинип жарылды,
Байсоорунду барып көр.
Зилзаладан чочуду,
Жаны чыгып далай эл.
Чочуганда кантебиз,
Сакта кудай тобокел.
Ошол эле отчетто «Или Ала-Тоосу менен Күнгөй Ала-Тоонун ортосунан орун алган Сарыбагыш болуштугунун кыргыздары жердеген Чоң-Кемин өрөөнүндө, Пишпек уездинде, Боом капчыгайында жана Ысык-Көлдүн түндүк жээктериндеги Сазановск, Алексеевск (Уйтал) жана Фольбаум көлүндө (Кутургу) жер кыртышы коркунучтуу өзгөрүүлөргө (пертурбация) дуушар болду. Бул аймактарда жер толкундай эле жылып жатты. Жер титирөөнүн күчү ушунчалык күчтүү болгондуктан, үйлөрүнөн чуркап чыккан адамдар, боюн кармай албай кулашып, бир жактан экинчи тарапка тоголонуп жатышты. Жер үстүндө терең жаракалар пайда болуп, адамдар жаракаларга түшүп кетпес үчүн күчүнүн болушунча чыканактап тырмышып, тизелери менен жерге жармашып, таканчыктап жатышкандыктан, алардын денелери дээрлик көгөрүп калды», – деп баяндалган. Молдо Кылыч да төмөндөгүчө жазат:
Ушу жолку зилзала
Ойлосоңуз жарандар,
Айбаты кыйын көрүндү.
Жан жаныбар макулук,
Бир жанынан түңүлдү.
Тамда жаткан адамдар,
Ала качып өз башын,
Жылаңач чыга жүгүрдү.
1910-жылы боло турган жер титирөө жөнүндө убагында 1887-жылы эле профессор И.Мушкетов, кийин Мерцбахер да божомолдорун айтышкан. Анын улуу катастрофа экендигин академиктер Голицин, Ф.Чернышев, профессорлор Лейст, К.Богданович, Н.Андрусев ж.б. аныкташкан. Бул жер титирөө дүйнөнүн бардык сейсмикалык станциялары тарабынан белгиленген, бирок анын күчү өтө жогору болгондуктан, көпчүлүгүнүн аппараттары бузулуп, бир нече станция гана аягына чейин жазышкан. Жер титирөөнүн өтө масштабдуулугун төмөндөгүдөй салыштыруу менен берсе болот. Мисалы, Мессин (Италия) катастрофасында жер титирөөнүн очогунан 2000 км аралыкта жайгашкан Пулководо жер кыртышынын жылышы 1,2 мм болсо, 1910-жылдагы жер титирөөнүн очогунан андан дагы чоң аралыкта жайгашкан Санкт-Петербург жана Пулководо 4 мм жылганын, Москвада болсо, андан да жогору болгондугу айгинелеп турат.
Жер титирөөдөн жабыр тарткан Жети-Суу облусунун калкына Мамлекеттик казынадан 1911-жылы Түркстан генерал-губернаторлугуна бир миллион 100 миң рубль бөлүнүп, анын 200 000 – Верный шаарынын соодагерлери жана өнөр жай ээлерине ссуда бөлүп берүүгө, 300 000 – шаардыктарга; 100 000 руб. Жети-Суу уездинин шаарларынын жана кыштактарынан жашоочуларына; 100 000 – Жети-Суу аскердик капиталына туумсуз ссуда берүүгө; 200 000 – Жети-Суу облустук өкмөттүк мекемелеринин кызматкерлерине жөлөк пул (пособие) катары; 60 000 рубль – мектептерди; 20 000 – чиркөөлөрдү оңдоого; 120 000 рубль – императрица Александра Федоровнанын жеке камкордугу алдында тактай ташуучу жана почта жолдорун, ошондой эле бузулган арыктарды оңдоого бөлүнгөн. Бирок, ал каражаттын кандайча жана кимдерге бөлүнгөндүгү тууралуу маалыматтар учурда колубузда жок болгондуктан, белгисиз.
Түркиядан жардам
Жабыр тарткандарга Түркиядан да жардамдар келген. Ал тууралуу Түркиядагы Докуз Ейлүл университетинин докторанты Дастан Разак уулунун кийинки табылган документтерге, маалыматтарга таянып жазган макаласында Осмон мамлекетинде жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча иштерди эки топ жүргүзгөндүгүн: биринчиси, Стамбулда татарлар тарабынан ачылган “Сырат-ы Мустаким” журналы, экинчиси, Осмон мамлекетинин муфтияты уюштургандыгын белгилеген. Анда “Сырат-ы Мустаким” журналы алгачкы жолу 1911-жылы 12-январдагы санында жер титирөө тууралуу кабар билдирип, элдин жардамга муктаж экендигин, бирок, тилекке каршы туугандарга эч кандай жардам бере албай колду жайып туруп бергендиги баяндалат. Бул жер титирөө тууралуу АКШ, Австралия, Англия, Франция, Германия, Даниядагы гезиттер кырсыктан бир-эки күн өтпөй эле жазышкан. “Сырат-ы Мустаким” журналы бир жума өткөндөн кийин жарыяланса да Осмон мамлекетинде бул тууралуу алгачкы болуп жазган медиа болгон. Журналдын кийинки сандарында дагы элдин абалын, кыйраган үйлөр, суукта калган эл тууралуу “Түркстанда азап” деген ат менен макала жарыяланып турган. Айрыкча, түрк элдеринин ичинен эң аруу жана динине бекем кыргыздардан көп киши өлдү деп белгилейт. “Италияда жер титиресе, стамбулдуктар жардам жөнөтөт да Түркстанда түрк-мусулман туугандарыбызга эмнеге жардам берилбейт, эмнеге башка басмалар жазбайт, дүйнөдө 300 млн. мусулман бар деп ооз көптүрүп айтып жүргөндөр кайда?” деген суроолор менен элдин аң-сезимин ойготкон. Жардамдын дароо уюшулбаганы аралыктын алыстыгынан, кабар ошол замат жетпегендигинен улам болсо керек.
Корутунду
Молдо Кылычтын “Кысса-и зилзала” чыгармасы тарыхта алгачкы жарык көргөн басылма катары белгилүү. Чыгармага баш сөз жазган Э.Арабаев менен катар эле “Галия” медресесинде Ысхак Канат уулу, Надыркул Абир уулу, Мамбеталы ж.б. да билим алып жатышкан. Демек, китептин жарык көрүшүнө алардын да салымы бар деген ойдобуз. Анткени,
Анткени, Э.Арабаев өзү да кириш сөзүндө “ата, өз тилибизде балдар окурлук китеп бастырсак ай… – деп, “Галиеде” окуп жаткан кыргыз шакирттери ошол ойлорубузду чыгарууга киришкен эле”, – деп, ошондой эле Молдо Кылычтын “Зар заманын” да бастырып, элиме таратсам, деп эңсегенин жазат.
Анын чыгармаларынын көркөмдүгү, окуяларынын баяндалышы өтө жогору болгондугун белгилүү фольклор жыйноочу, манастаануучу Ыбырайым Абдрахманов төмөндөгүчө эскерген: “Молдо Кылычтын “Зар заман” аттуу чыгармасы кыргыз элинин араларына толкундай тарап калды. Кыргыз эли “Манасты” кандай көз караш менен сүйүп айттырган болушса, “Зар заманды” нагыз ошондой көз караш менен карап, сүйүп окушту. Мен да көпчүлүктүн катарында жазып жана жаттап алып, элге тынымсыз айтып берип жүрдүм”, – деп эскерген.
Ал эми көрүнүктүү окумуштуу Б.Юнусалиев «Молдо Кылычтын чыгармаларын ХIХ жана ХХ кылымдардын чегиндеги кыргыз коомчулугунун экономикасын, маданиятын жана саясий турмушун изилдөөдө кыргыз тилинде жазылган жалгыз далилдүү адабий, ошондой эле элдин турмушу реалдуу чагылдырылган абдан объективдүү эстелик катары да эсептесе болот», – деген жогорку баасын берген.
Чындыгында, анын чыгармалары, алардын ичинде биз жогоруда сөз кылган “Кысса-и зилзала” автордун ошол апааттын күбөсү катары ар бир сабында чындыкты жана өзүнүн психология-лык-эмоциялык кабатырлануусун жогорку деңгээлде чагылдыргандыгы таасын байкалып турат, ошондуктан аны көркөм чыгарма катары гана баалабастан, тарыхый булактардын катарында татыктуу орун ала алат деген
ишенимдебиз.
А.Э.КУБАТОВА,
т.и.к., КР УИАнын Б.Жамгерчинов атындагы тарых, археология жана этнология институтунун илимий кызматкери