Шенеңдеп мектептен келдим, апам тандырга нан жаап жатыптыр. Келип эле тандырдын маңдайында апам нанын жабыштырып коюп, бышаарын күтүп отуруучу жалпак отургучка отуруп калдым. Апам акыркы нандарына чок ачып, мени бир кылчайып карап «ыы келдиңби?» деп колуна нан үзүүчү брезент жеңчесин алып, тандырдын төр жагындагы «какталып» бышкан (жарым токоч, жарым нанды) жулуп алып мага карматты. Ушундай нан да эмес, токоч да эмес бир эки нан жабылат. Алар нанга зубала үзгөндө бир нанга көптүк, эки нанга жетпей калган камырды экиге бөлүп коюшат.
– «Ысык, этиет кыл алактабай», – деп, тандыр көсөгөн узун көсөөнү алып, тандырга жабышып өсүп алган шабдаалынын башында ак сары болуп эзилип бышкан акыркы шабдаалыны бутагына ургулап түшүрдү. Шабдаалы алгач тандырдын капкара болгон арткы морунунун бурчуна тийип, арттагы чөптөрдүн арасына түштү. Апам бет алган тарапка апамдан мурда жетип, жарылып ширеси куюлган шабдаалыны алып эле тандырдан жуккан көөсү менен жерден жабышкан чөбүн чала була үйлөп тазалап ширесин куюлта оозума салдым. «Какталып бышкан ысык нан, андан да жай бою күнгө какталып бышкан шабдаалы» аралашкан даам болсо бир гана бейиште болсо керек.
Оо кийин, менден бир журналист: – «эмнени таппай келесиз», – деп сураганда, ушул даамды дедим эле. Чындап эле кийин эмне деген шабдаалыларды, эмне деген нан менен жеп көрбөдүм бирок, окшошкон жок. Бир курдай атайы ошондой шабдаалы алып жууп, анан наабайканага келип кактап бышырган нанды да жеп көрдүм окшободу, эми окшобойт да болсо керек… Азыркы акылым менен ойлосом мен жеп жаткан нанга да, шабдаалыга да апамдын «мээрими» кошулган экен да.
Ооба, балким мен келгенге чейин апам ошол шабдаалыны көрүп ысык нан менен өзү бир рахаттанып жегиси келгендир эле… Балким балам жармысын мага да берсе керек деп үмүт эткендир эле… Балким мен балчылдатып ширесин кошо чайнап жатканда мени тиктебесе да оозуна келген шилекейин имерип алгандыр… Ооба, эне гана ушинтет, эне гана баласы үчүн рахаттан, каалоосунан, ырыскысынан баш тарта алат
ЭНЕ гана …
Кечээ бир аалым: «Аркы дүйнөдө баланын алдына ЭНЕ келгенде «апам азыр сүт акымды бер десе эмне беремин» – деп чочулайт экен дегенде менин оюма, алтыным апам аркы дүйнөдө менден «ошол шабдаалынын жартысын бербей койгонсуң да» деп нааразычылыгын билдирсең эмне кыламын. Ооба апа, апакем, мен «ийри тумшук» анда жаш экенмин да, мен анда апалар, аталарда да каалоо, напси болоорун, силер да нандын ысык, какталып бышканына, жумшагына жай бою күн жеген акыркы шабдаалыны кошуп жегиңер келгенине акылым жеткен эмес да… Мүмкүн башка апалар, баланын акыл чамасын боолгоп өзү жармысын алып калышат беле, же САГА окшоп ушул балам зирек жармысын берет деп үмүтүнө алданат беле… Же ырыскысы бүтүн болсун деп ырымдап, назар салбай коёт беле …
Менин апам ушинтип тогузубузду чоңойткон, бата кылганда дайыма «баштарын таштан жаратып, ырыскысын бүтүн кыл» деп бата кылаар эле. Жөн эле бата кылышпай далай таттуу, жылуу, жумшактан балдарыңар үчүн баш тарттынар экен, кайрандар!
Ооба, өмүр жолума назар салсам ушул оюм дал келгендей, көп жакшылыктарда, ийгиликтерде ушуну сурашса керек дей берем.
Абдимуталип КОЧКОРБАЕВ,
Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты