Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыПакистанда барымтага алынган адамдардын 50сү каза тапты

Пакистанда барымтага алынган адамдардын 50сү каза тапты

Пакистанда поезддеги барымтага алынгандардын ичинен 50 адам каза тапты. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлаганын ТАСС жазды.

Адамдардын өлүмү тууралуу поездди басып алган террористтер билдирген.

Пакистандын күч түзүмдөрү тарабынан барымтадагы 190 адам куткарылды.

Күн мурун Пакистанда поезддеги барымтага алынган 155 киши куткарылганын, алардын 17си ооруканага жеткирилгенин Известия Geo TV телеканалына таянып кабарлаган. Поезддеги куралчан террористтердин 27си жок кылынганы жана жүргүнчүлөрдү куткаруу иштери уланып жатканы айтылган болчу.

Белгилей кетсек, 11-мартта куралданган адамдар Пакистандын Белуджистан провинциясында Кветта шаарынан Пешаварга бараткан поезддеги 450 жүргүнчүнү барымтага алган. Экстремисттер темир жолду жардырып, андан соң поездде ок чыгарган.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар