Мадрид шаарында АКШ жана Кытайдын делегациялары соода-экономикалык маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады. Бул тууралуу чет элдик басылма өкүлдөрү билдиришүүдө.
Маалыматка ылайык, тараптар АКШнын бир тараптуу бажы тарифтери, экспорттук көзөмөл чараларын колдонуу жана TikTok социалдык тармагы боюнча маселелерди талкуулайт.
Кытай делегациясын КЭК Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КНР Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Хэ Лифэн жетектөөдө.
Соода министрлигинин өкүлү белгилегендей, Кытайдын TikTok боюнча позициясы так жана өзгөрбөйт. Өлкө өз ишканаларынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого бекем турганын, ал эми бул маселе мыйзамдарга жана ченемдик актыларга ылайык чечиле турганын билдирди.

