Башкы беткеМаанилүүКыргызстанда орточо айлык 62 миң сомго жетет

Кыргызстанда орточо айлык 62 миң сомго жетет

Кыргызстанда 2030-жылга чейин орточо айлык акы 62 миң сомго чейин өсөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу Каржы министрлигинин болжоолорунда айтылат.

Маалыматка ылайык, орточо эмгек акыны жыл сайын орто эсеп менен 2,9%га жогорулатуу каралууда. Ошондой эле калктын акчалай кирешеси ылдамыраак темп менен өсүп, анын реалдуу өсүшү жыл сайын 6,7%ды түзмөкчү. Натыйжада 2030-жылы жалпы киреше көлөмү 1,79 триллион сомго жетет.

Министрлик жакынкы жылдары жакырчылык деңгээли жылына орточо 1,1%га төмөндөйт деп эсептөөдө. Калктын өсүшү жылына орто эсеп менен 146,5 миң адамга көбөйөрү болжолдонууда.

Экономикалык өнүгүүнүн көрсөткүчтөрү да оң динамикада:

  • 2026-жылы киши башына ИДП болжол менен 3,1 миң долларды түзсө,

  • 2030-жылга карата бул көрсөткүч 5 миң доллардан ашат.

Мындан тышкары, жашоо минимумунун көлөмү да 2026-жылдагы 8 990 сомдон, 2030-жылы 11 148 сомго чейин көтөрүлөрү күтүлүүдө.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар