whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.01.2026
-9.9 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомСадыр Жапаров Азербайжанда ЭКУнун саммитине катышат

Садыр Жапаров Азербайжанда ЭКУнун саммитине катышат

Президент Садыр Жапаров 3-4-июлда Ханкенди шаарында өтө турган Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 17-саммитине катышуу үчүн Азербайжан Республикасына иш сапары менен барат. Бул тууралуу Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы билдирди. 

Маалыматка ылайык, саммиттин темасы – «Ишенимдүү жана климаттык жактан туруктуу келечек үчүн ЭКУнун жаңы көз карашы» деп аталат.

Саммитке уюмга мүчө мамлекеттердин – Кыргыз Республикасы, Ооганстан, Азербайжан Республикасы, Иран Ислам Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы, Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы, Түркия Республикасы жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары жана өкмөт башчылары катышат.

Тараптар Уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде мүчө-мамлекеттер тарабынан климаттын өзгөрүшүн алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкуулашат.

Иш сапардын жүрүшүндө ошондой эле Азербайжан Республикасынын Агдам районунда кыргыз тарап курган «Айкөл Манас» мектебинин расмий ачылышы болот», — деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.

Гезит

Эмгек, аракет – ийгиликтин ачкычы

Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат эмеспи. Ар иштин көзүн таба билген Нурсултан Муратов бут кийим тигүүгө мындан он жыл мурун кызыгып калат. Азыр келечекте...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар