whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.07.2025
22.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыКлиматтын өзгөрүшү: углероддук кредиттер көйгөйдү чече алабы?

Климаттын өзгөрүшү: углероддук кредиттер көйгөйдү чече алабы?

Дүйнө жүзү климаттын өзгөрүшү менен күрөшүүнүн жаңы жолдорун издеп жаткан чакта, Евробиримдиктин климат, көмүртектен арылтуу жана экологиялык өсүш боюнча комиссары Вопке Хукстра Европа биримдигинин парник газдарынын бөлүнүшүн 2040-жылга чейин 90 пайызга азайтуу планын «глобалдык кызматташтык үчүн мүмкүнчүлүк» катары баалады.

Ал Euronews телеканалына курган маегинде, Евробиримдиктин үчүнчү өлкөлөргө, негизинен Африка жана Латын Америкасына каражат төлөп, алардын айлана-чөйрөнү коргоо иштерин колдоп жатышын «көпүрө куруу» катары мүнөздөдү.

Анын айтымында, аталган механизм “углероддук кредиттер” деп аталат жана болжол менен 3% бөлүнүү кыскаруусуна салым кошот. Бирок сынчылар бул ыкманын натыйжалуулугун текшерүү кыйын экенин, жана келечекте анын узак мөөнөттүү пайдасы болбой калышы ыктымал экенин айтышууда.

Ошондой эле эксперттер бул ыкма өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өздөрүнүн климат максаттарына жетүүсүнө тоскоол болушу мүмкүн деп кооптонушууда.

Вопке Хукстра экономика менен экологияны бири-бирине каршы коюу туура эмес экендигин белгилеп, Евробиримдик экологиялык саясатын ишке ашыруу менен бирге, экономикалык өсүштү камсыз кылууну да көздөөрүн айтты.

«Биздин милдет — климатты коргоо иш-аракеттерин улантып, ошол эле маалда алар жарандарга, ишканаларга жана жалпы экономиканын өсүшүнө кызмат кылышына жетишүү», — деди ал.

Хукстранын айтымында, климаттын өзгөрүшү айрыкча Европада олуттуу кесепеттерге алып келүүдө. Ал континентте орточо температура дүйнөлүк деңгээлге салыштырмалуу эки эсеге жогорулаганын белгиледи.

«Дүйнө боюнча температура 1,5°Cке жогоруласа, Европада бул көрсөткүч 3°Cке жетти. Бул – токой өрттөрү, суу ташкыны жана башка апааттар аркылуу турмушубузга түз таасир берип жатат», — деди Хукстра.

Ошондой эле ал АКШнын президенти Дональд Трамптын Париж климат келишиминен чыгуу чечимине өкүнүчүн билдирди. Бирок, анын пикиринде, климат темасына расмий колдоо болбосо да, АКШдагы ири ишканалар экологиялык таза технологияларга инвестиция салууну уланта берет.

Евробиримдик климат боюнча аракеттерин эл аралык деңгээлде кеңейтүү менен гана глобалдык максаттарга жетүүгө боло турганын белгилеп, дүйнөлүк күчтөрдү кызматташууга чакырды.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар