Башкы беткеМаанилүүЫсык-Көлдө «Мейкин Азия» эл аралык музыкалык фестивалы өтөт

Ысык-Көлдө «Мейкин Азия» эл аралык музыкалык фестивалы өтөт

20-22-июль күндөрү Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан ат майданда «Мейкин Азия» эл аралык музыкалык фестивалы болуп өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган фестивалга дүйнөнүн 25тен ашуун мамлекеттеринин өкүлдөрү, жаш эстрада ырчылары катышышат.

Ар бир сынак күнү Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн жылдыздарынын катышуусунда концерттер менен коштолот.

Концерттин катышуучулары — ата-мекендик эстрада жылдыздары Мирбек Атабеков, Jax 02.14, Freeman 996, Бакр, Абир Касенов,Бакр, Freeman 996, Баястан, Тамга, Жийдеш Идирисова, Нурила, Бек Исраилов, Азат Раимбердиев, Миңжашар Мурзаев, Бегимай Турусбекова, Руслан Асанкан, ERA.

Ал эми фестивалдын ардактуу коноктору — I «Мейкин Азия» фестивалынын жеңүүчүсү, белгилүү ырчы Димаш Кудайберген, ошондой эле азыркы учурдагы популярдуу «Ay-Yola» тобу жана Sevak болушат.

Фестивалга билеттерди онлайн сатып алууга болот.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар