Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Ли Хайчао менен жолугушту.
Маалыматка ылайык, жолушуу Сиань шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин сегизинчи кеңешмесинин алкагында өттү.
Жолугушууда тараптар саламаттык сактоо жаатында ШКУ алкагында жана эки тараптуу негизде кызматташууну чыңдоо жана активдештирүү жолдорун талкуулашты.
Эркин Чечейбаев Кыргызстан менен Кытай саламаттык сактоо тармагында салттуу түрдө тыгыз жана жемиштүү кызматташтыкты жүргүзүп келе жатканын белгиледи.
«Кытай – Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүдөгү негизги өнөктөштөрдүн бири. Медициналык кадрлар менен алмашуу программалары, заманбап жабдуулар жана технологиялардын жеткирилиши биздин өлкөдө медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын кыйла жакшыртты. Биз кызматташууну тереңдетүүгө жана биргелешкен жаңы долбоорлор үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издегенге даярбыз», – деди министр.
Жолугушууда өзгөчө көңүл жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу маселесине бурулду. Бул жаатта Кытай олуттуу ийгиликтерге жетишкен: өлкөдө орточо өмүр узактыгы 79 жашты түзөт, ал эми эне жана ымыркай өлүмүнүн көрсөткүчтөрү кескин төмөндөгөн. Чечейбаев бул жаатта кытай тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыктар экенин билдирди.
Ошондой эле министр кытай медицинасынын миң жылдык салттарын жогору баалап, Бишкекте Кыргыз-кытай илимий-изилдөө борборун түзүүнү сунуштады. Бул борбор салттуу медицина багытында изилдөө иштерин жүргүзүү, окутуу жана медициналык кызмат көрсөтүү менен алектенмек.
Мындан тышкары, Чечейбаев Кыргызстан үчүн актуалдуу болгон жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу боюнча глобалдык долбоорду ишке ашырууну сунуштады. Ал Кыргызстанда жыл сайын жол кырсыктарынан көптөгөн адамдар, анын ичинде балдар жабыркап жана каза болуп жатканын белгиледи.
Министр ошондой эле Бишкектин жанында заманбап медициналык шаарчаны куруу пландары жөнүндө айтып берди. Бул долбоор президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашырылып жатканын билдирип, кытай тарапты бул долбоорго катышууга чакырды.
Ли Хайчао 2025-жылдын февралында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен болгонун, бул визиттин жыйынтыгында стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынганын эске салды.
«Бул документ саламаттык сактоо тармагында кызматташуунун бекем негизин түздү. Биз оорулардын алдын алуу, тез жардам кызматы жана телемедицина багытында кызматташууга даярбыз», — деп белгиледи Ли Хайчао.
Ошондой эле ал салттуу кытай медицинасы борборун түзүү жана медициналык шаарчаны куруу долбооруна катышууга колдоо көрсөтө турганын билдирди.