Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти тарабынан Айтматов районунун Аманбаев айылында республикалык деңгээлде «Арашан» пародасындагы кой жана кочкорлордун көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, көргөзмө 2021-жылдан бери ушул райондо республикалык, облустук деңгээлде өткөрүлүп келүүдө.
Бүгүнкү күндө районда аталган койдун пародасын баккан фермерлердин саны көбөйүп, элибиз сандан сапатка өтүп жаткан мезгили жана мындай иш-чаралар жергиликтүү калкыбызга дем берип бул багытта иш алып баруусуна өбөлгө болууда.
Арашан пародадагы койлорду багуучулар Айтматов районунда башка райондорго салыштырмалуу көп экендиги белгилүү жана бул көрсөткүчтү мындан дагы көбөйтүү ошондой эле жергиликтүү калка жеринде шарт түзүү максатында көргөзмө Айтматов районунун аймагында өткөрүлүп жатат.
Мындан улам айыл чарбасынын анын ичинде мал чарбачылыгынын өнүгүшүнө колдоо иретинде уюштурулууда.