Башкы беткеРубрикаларАймактарОш шаарында жаңы муниципалдык базар курулууда

Ош шаарында жаңы муниципалдык базар курулууда

Ош шаарында жаңы муниципалдык базардын курулушу башталды. Мэриянын маалыматына ылайык, бул жерде учурдагы Келечек, Бостон жана Мөмө-жемиш базарларынан көчүрүлүүчү соодагерлер үчүн шарттар түзүлөт.

Жаңы базар 5 гектар аянтты ээлеп, анда 1300дөн ашык соода оруну каралган. Ошондой эле ишкерлер жана кардарлар үчүн төмөнкү кошумча шарттар түзүлөт:

  • алтын жана зер буюмдарды сатуучу бөлүмдөр,

  • акча алмаштыруучу жайлар,

  • эки ажаткана жана эки ашкана,

  • унаа токтотуучу жай.

Муниципалдык базардын курулушу шаар тургундарына ыңгайлуу шарт түзүп, сооданын өнүгүшүнө өбөлгө болот деп күтүлүүдө.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар