Ташбакалар жылуулукту сүйгөндүктөн Россия алар үчүн жагымдуу жай эмес. Ошентсе да бул өлкөнү Ыраакы Чыгыш ташбакасы мекендейт.
Сыртынан эч кандай коркунучу жок көрүнгөн менен ал чагылгандай тездик менен жетип келип, тиштеп алганга жөндөмдүү. Бул жаныбар Россиянын башка аймактарына да жайыла баштагандыктан ЖМКлар чет өлкөлүктөргө атайын алдын-ала эскертүүлөрдү таратышкан. Себеби, бул ташбаканын бир тиштегени грек жаңгагын жара чокуган тотукуштай эле бар дешет.