Азыркы Кыргызстандын аймагында б.э.ч. VIII—III кк. жашаган сак бабаларыбыздын чебер зергерлери тарабынан көркөм жасалган сырга, улуттук музейдин баалуу раритеттеринин бири болуп саналат жана ошол доордун искусствосунун бийик жетишкендигин чагылдырат.
Алгыр куштардын ар тарапты карап турган, буттарынын тушуна жылаажын коңгуроо сыяктуу чакан кооздук бекитилген, асыл таш менен шөкөттөлгөн, аялзатынын кулагына көрк катары тагылган байыркы буюм – сырга, канча бир кылым жер астында жатса дагы, сапатын жана сымбатын жоготпостон сакталып келген.
Бул буюм көрүнүктүү туңгуч кыргыз адис-археологу Ысман Кожомбердиев 70-жылдары Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү байыркы маданияттарды изилдөө учурунда көрүстөндөн чыккан.
Азыркы күндө да, музей фондусу сакралдык эстеликтер менен толукталып, кызыктуу табылгалар жана казуулар аркылуу сак маданиятынын сырларын тактоо иштери ийгиликтүү уланууда.
Эки алгыр куштун келбети түшүрүлгөн сырга. Алтын, эмаль, бирюза. Илмеги менен узундугу 4,5 см. Кетмен-Төбө өрөөнү, Кара-Каш көрүстөнү. Б.э.ч. VI-IV кк. Казуу жүргүзгөн Ысман Кожомбердиев. 1971-ж.