Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров Казакстандын тышкы иштер министрин кабыл алды

Садыр Жапаров Казакстандын тышкы иштер министрин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын тышкы иштер министири Ермек Кошербаевди кабыл алды.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун бардык актуалдуу багыттары талкууланып, өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү үчүн олуттуу потенциал бар экени белгиленди. Ошондой эле эл аралык жана чөлкөмдүк уюмдардын алкагындагы көп тараптуу кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, эл аралык аренада күч-аракеттерди координациялоого даярдык тастыкталды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамилелер туруктуу оң динамикага ээ болуп, практикалык мүнөздө өнүгүп жатканын, ал эми мамлекеттер аралык саясий диалог бардык деңгээлде жигердүү улантылып жатканын баса белгиледи. Бул контекстте соода-инвестициялык, транспорттук-транзиттик жана суу-энергетикалык багыттардагы ири долбоорлор, анын ичинде Камбар-Ата – 1 ГЭСинин курулушу ишке ашырылып жатканы айтылды.

Өз кезегинде Ермек Кошербаев жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Касым-Жомарт Токаевдин саламын жеткирди. Ал эки өлкө лидерлеринин ортосундагы ишенимдүү диалог союздаштык мамилелерди чыңдоого, туруктуулукту камсыздоого жана элдердин бакубат жашоосуна бекем негиз түзөрүн белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге жылуу саламын жана жакшы каалоолорун жолдоп, Ермек Кошербаевге мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар