Айылдаштары Абдыкайымды көпкө күтүштү. Атактуу мергенчи Кетменбай аксакал “уулум келет” деп үмүтүн такыр үзбөдү. Ал 91 жашына чейин Абдыкайымын күттү. “Уулум тирүү” деген үмүт менен бүт өмүрү өттү…
Комсомолдук жетекчи, взводдун командири
Абдыкайым Чүй районундагы Кызыл-Суу жети жылдык мектебин жалаң “5” деген баалар менен бүтөт. Мектепте комсомол уюмунун секретары болуп иштейт. Республикалык “Ленинчил жаш” гезитине да үзбөй макала-кабар жазып турат. Мектептеги, райондогу комсомолдук иштерге активдүү катышат.
1940-жылы Токмоктогу айыл чарба техникумуна өтөт. Жакшы окугандыктан 1-курсту бүткөнүндө мугалимдери анын Фрунзеге барып, институттан окуусун туура көрүшөт.
1941-жылы айылына келип “Комсомол” колхозунун комсомол уюмунун секретары болуп шайланат. Элдин сураныч-каалоосу боюнча өтө жооптуу жумушка – кырман башчылыгына бекитилет. Ошол жылы дан эгиндеринин түшүмү мол болуп, кырмандагы жумуштар да, мамлекетке эгин тапшыруу да, элге эмгек күн үчүн эгин берүү да мыкты деңгээлде уюштурулуп, айылдаштары анын эмгегине ыраазы болушат.
Кан күйгөн согуш башталганда армияга алууну суранат. Комсомолдук жетекчи болгондуктан, ал кездеги толгон-токой иштерди уюштуруу жагына чектелет. Согуш күчөгөндөн күчөй бергенде, 1941-жылы ноя-брь айында Чүй райондук аскер комиссариатынын чакыруусу боюнча аскерге алынат. Кыргызстандын азыркы Панфилов районунда топтолуп-түзүлгөн даңазалуу Панфилов дивизиясынын курамында майданга жөнөп кетет. Ошондон катуу согуштарга катышат. Москваны баскынчылардан коргоодо, жоо-нун мизин кайтарып артка сүрүүдө, Орлов, Курск багытындагы теңдешсиз катуу согуштарда, Украинаны бошотууда, Польшада гитлерчилерди талкалоодо өзгөчө айырмаланат.
Согушка киргенден эле улуу сержант Досукеев Абдыкайым Кетменбай уулу 151-аткычтар дивизиясынын 626-аткычтар полкунун 45 миллиметрлүү батареясынын артиллеристтер взводунун командири болот. 1943-жылы ага “кенже лейтенант”, 1944-жылы “лейтенант” наамы берилет. 1943-жылы “Эрдиги үчүн” медалы менен сыйланат. 1944-жылы 5-октябрда 4-Украина фронтунун 151-аткычтар дивизиясынын №881749 буйругу менен “Кызыл Жылдыз” орденине ээ болуп, партияга кабыл алынат.
Артиллерист-командир Абдыкайымдын фронттон жазган каттарынан үзүндү: “Азыр согуш майданында эле эмес, сиздерде, тылда да абал оор. Кымбаттуу ата, апа, бир боорлорум, кыйынчылыкка чыдагыла! Темирдей ширелген совет эли, советтик жоокерлер жеңишке жетеринде шек жок”. “Түшүнөм, бизди чыдамсыздык менен күтүп жатасыздар. Эгер катардагы жоокер болсом, эчак эле үйгө жиберишмек. Нечен жолу жарадар болдум. Биздей кишилер бул жакка өтө керек болгондуктан, биз мында болушубуз керек. Жеңиш биз тарапта болот. Аз-аз эле убакыт керек. Буюрса, каралашам, жардамым көп тиет, жашооңуздар жакшы болот”.
“Ленинчил жаштын” кабарчысы
“Ленинчил жаштын” 1941-жылы 9-марттагы санында жарык көргөн “Сонун даярдык” деген кабарында ал Чүй районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешинин “Кош-Коргон” жана “Комсомол” колхоздорундагы Чоң Чүй каналын курууга карата даярдык көрүүнүн жүрүшүн баяндаган. Кийинки макаласында Кант районундагы ушундай эле даярдык иштери туурасында сөз козгогон.
Анда «Калинин атындагы колхоздун жыгач устасы Западенец өзү төгүүчү араба жасагандыгы», «Кантта курулушчулардын курсун жакында 40 киши бүтүрүп чыккандыгы» жөнүндө жазылган. Бул кабар минтип аяктайт: «Бүткүл элдик курулушка даярдануу иши райондо мындан да мыкты жүрүп кетүүгө мүмкүн эле. Бирок БЧКнын башкармасы канттыктардын иштей турган участкасын ушул күнгө чейин белгилеп берген эмес». Карачы, сылык-сыпаа сөздөр менен эле катуу сынга алынганын…
Дегеле ошол мезгилдеги ар ишке сын көз менен кароо көрүнүшүн Абдыкайымдын кийинки «Жакшы даярдык керек» деген чакан макаласынан ачык туюуга болот. Өзү жапжаш туруп жашаган жериңдеги “Кызыл-Суу” жана “Комсомол” колхоздорундагы кой төлдөтүүнүн начар абалы жөнүндө ачык жазып чыккан. Буга жооптуу жетекчилердин аттары аталып, алардын өткөн жылдагы кемчиликтерден эч кандай бурулуш жасабагандыгы баса белгиленген.
Кабарчы Абдыкайымдын 1941-жылдын март-май айларында эле «Ленинчил жаш» гезитинде 10 макала-кабары жарык көргөн. Ал эми «Зейненин ийгилиги» деген макаласы «Ленинчил жаштын» 1941-жылдын 24-июлдагы санына жарыяланган. Өз кабарында ал «Дүйшөева Зейне Кызыл-Суу орто мектебинин 5-классын «эң жакшы» деген баалар менен бүткөндүгү», «колхоздо бүтпөй жаткан жумуштарга айттырбай өзү катышып турары», «Зейне ушул күндө Токмок шаарындагы шофёрлорду даярдоо курсунда окуп жаткандыгы, бул курсту бүтүрүп, аскерге кеткен ата-агаларынын ордуна иштемекчи» болгондугу жөнүндө баяндаган.
Ошентип Абдыкайым активдүү гезит кабарчысы катары да таанылган. Ошол кездеги эң билимдүү жаштардан болгондугу, мектептеги, колхоздогу, райондогу ар кыл иштерге аралашып келгендиги комсомолдук, коомдук, чарбалык жумуштардын дал чордонунда болуусуна шарт түзгөн.
Бул гезит кабарларынан ошол кездеги иштерден бир аз болсо да маалымат алып, эмгек адамдарынын, жаштардын каарман иштерине кубанасың, суктанасың!
Лейтенанттар – кан күйгөн согуштун алдыңкы чегинде
Жаштайынан эң мыкты сапаттары менен көрүнгөн комсомолдук жетекчи, мыкты кабарчы, жаш коммунист жана артиллерист-командир Абдыкайым – келечегинен көптү үмүттөндүргөн Кызыл-Суунун азамат жигити айылдын “Ардак белгиси” ордендүү атактуу мергенчиси, элге пайдасы көп тийген кең пейил атасы Көчөрбаев Кетменбай аксакалды, боорукер, кайраттуу апасы Жаманкызды, өзүнөн кийин майданга аттанып, аман келген агасы Сыдыкты, эжеси Аселди, көздөн учкан кымбат жери Кызыл-Сууну, өзүнө тийгизген өрнөк-таасири мол ардактуу айылдаштарын кайра кайрылып келип көрө албады…
Улуу Жеңишке 3 ай, 4 күн гана калганда, жаш болсо да өзүн турмушка өтө каныккан адамдай салабаттуу көрсөткөн, согушта дайыма алдыңкылардын катарында болгон кыргыздын эр жүрөк уулу, артиллеристтик взводдун командири Абдыкайым – 1945-жылдын 5-февралында Польшада душмандын абдан бекемделген буктурма-чебин жок кылууда баатырларча курман болот. Буга күбө болгон жоокерлердин жана офицерлердин көздөрү жашка толот.
Ал 23 гана жашта эле…
Польшаны бошотуу үчүн болгон салгылаштарда 1945-жылдын январь – февраль айларынын аралыгында аткычтар взводдорунун командирлери, лейтенанттар — Сергей Потекин, казакстандык Жаныбек Конуспаев, москвалык Михаил Евсеев, Приморский крайынан Анатолий Волков, Кургандан Иван Тюменцев, Краснодардан Иван Голубцев, Иванов облусунан Геннадий Муравьев, Вениамин Осипов, Николай Кочеркин, Иван Усенко, Сергей Волков, Андрей Вольвич, Иван Богатырев, Николай Кузнецов (тизме дагы уланат), ок, снаряддар мөндүрдөй жааган катуу салгылаштарда курман болушат. Баары согушта эр жүрөктүүлүгү менен айырмаланган командирлер эле. Кандай өкүнүчтүү. Согуштун таш боорлугу ушу да…
Улуу Ата Мекендик согушта взводдун командирлери, лейтенанттар дайыма майдандын алдыңкы чектеринде болушуп, душманды тосуп-талкалоодо, кайра артка чегинүүгө мажбурлоодо эбегейсиз зор салым кошушкан. Муну командирлик курамдагылардын түрлөрү боюнча взвод командирлеринин көп жоготууларга учурагандыгы ачык далилдейт. Согушка катышкан взвод командирлеринин ичинен 296744ү курман болушкан, ал эми дайынсыз жоголгондор менен туткунга түшкөндөрдүн саны 137766га жеткен.
2015-жылы Абдыкайымдын жээни Таа-лайбек Атаянов жолдогон катка Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин Борбордук архивинен алынган жоопто: “…Взводдун командири, лейтенант Доскеев Абдыкайымдын сөөгү Польшанын Бельск повитинин Катовице воеводствосундагы Чеховице айылына коюлган. Коргоо эл комиссариатынын мамлекеттик комитетинин башкармалыгынын 1945-жылдын 18-апрелдеги №0973 буйругу менен 1945-жылдын 5-февралдагы согушта курман болгон катары офицердик курамдын тизмесинен чыгарылган…” деп көрсөтүлгөн.
Улуу Ата Мекендик согушта нечен эрдиктерди көрсөткөн взводдун командири Досукеев Абдыкайым Кетменбай уулунун эстелиги 2019-жылы Кызыл-Суу айылындагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго арналган түбөлүк эскерүү эстелик жайына коюлган.
Өмүр бою “уулум келет” деп үмүтүн үзбөгөн Кетменбай аксакалдын жүрөк эңсөөсүнүн акыры ушундай жыйынтыкталды. Эми, эл-жерибиздин бейкуттугун, эркиндигин сактап калууга жаш өмүрүн арнаган эр жүрөк командир Абдыкайым жөнүндө дайыма айтып-эскерип, сүрөттөн көргөн жаркын элесине таазим эткенден башка арга жоктой сезилет…
Курманбек РАМАТОВ