Корея Республикасы менен Кытайдын лидерлеринин жолугушуусу эки өлкө ортосундагы мамилелерди жакшыртууга жаңы дем берип жатат. Бул тууралуу Корея Республикасынын президенти Ли Чжэ Мён жаңы жылга карата өткөрүлгөн басма сөз жыйынында билдирди.
Өлкө башчысы ушул айдын башында Кытайга жасаган мамлекеттик сапарына токтолуп, сапардын алкагында өзүнө жылуу кабыл алуу көрсөтүлгөнүн, муну эки тараптын өкүлдөрү да ырастаганын белгиледи.
Ли Чжэ Мён Корея Республикасы менен Кытайдын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнүн жаңы жолдору өз ара пайдалуу кызматташтыкка алып келерине ишеним билдирди.
Ошондой эле ал экономикалык жана дипломатиялык тармактардагы кызматташуунун маанилүүлүгүн, коопсуздук жаатында өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн, ишенимди чыңдоону, мындан тышкары маданият жана туризм аркылуу гуманитардык алмашууларды кеңейтүү зарылдыгын белгилеп өттү.

