Башкы беткеРубрикаларАймактарТаласта мал соючу цех ачылды

Таласта мал соючу цех ачылды

Талас районунун Чоң-Алыш айыл аймагында мал союучу жаңы цех ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди. 

Ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев катышты.

«Ар бир айыл аймагында заманбап мал союучу касапкана болушу керек. Себеби, санитардык-ветеринардык талаптар сакталып, азык-түлүк коопсуздугуна болгон жоопкерчилик жогорулап, элибиз таза эт менен камсыздалат. Бул  улутубуздун саламаттыгы үчүн аба-суудай керек.

Ошондой эле жумуш орундары түзүлүп, өлкөбүздүн экономикасына салым болот. Союлган малдын териси жараксыз болбой, кайра иштетилип, элибизге кирише берет», –деди Төрөбаев.

Маалыматка ылайык, аталган өндүрүштүк объектини курууга жеке инвестициялардын эсебинен 2 млн сом жумшалган.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар