Башкы беткеМаанилүүА. Касымалиев дары-дармек чыгаруучу заводдун курулушу боюнча инвесторлор менен жолугушту

А. Касымалиев дары-дармек чыгаруучу заводдун курулушу боюнча инвесторлор менен жолугушту

Бүгүн, 9-апрелде Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев дары-дармек каражаттарын чыгаруучу заводдун курулушу боюнча инвесторлор менен жолугушту. Атап айтканда, жолугушууга Кытайдын EHD (Eurasian Healthcare Development), «Циньхуандао Тайчжи Медикал Текнолоджи Компани Лимитед» компанияларынын жана Польшанын «LEKAM» фармацевтикалык компаниясынын өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө катуу пероралдык формаларды, суюк дары формаларын, майларды жана стерилдүү препараттарды чыгара турган фармацевтикалык комплексти куруу маселелери талкууланды.

Инвестициялардын жалпы көлөмү 25 млн АКШ долларын түзөт, долбоор 800гө чейин жумушчу орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет. Долбоорду Майлуу-Суу лампа заводунун аймагында ишке ашыруу пландаштырылууда. МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экендигин билдирип, тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан инвестициялык долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүлөрүн кошумчалады.

Гезит

Салык системасындагы реформалар

          Мамлекеттик салык кызматы бүгүнкү күндө терең институционалдык трансформация баскычынан өтүүдө. Мамлекет акырындап басымга негизделген эски моделден чыгуу менен, экономиканы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар