whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
20.4 C
Бишкек
Башкы беткеМаданият жана адабиятАдабият“Жазылбаган саптардын жаңырыгы...”

“Жазылбаган саптардын жаңырыгы…”

Кечээ Улуттук илимдер академиясынын жыйындар залында «Эхо ненаписанных строк. Наследие Ч.Айтматова» аттуу китептин бет ачары өттү.

Китепке Чыңгыз Айтматовдун ар кандай себептер менен бүтпөй калган жана кол жазма түрүндө гана сакталган «Флейта и земля», «Свидание с убитым сыном» жана «Золото и снег» аттуу чыгармалары кирген.

Айтматов таануучу, академик А.Акматалиевдин айтуусунда бул чыгармалар залкар жазуучунун “Гүлсарат” повести жарык көргөндөн кийин 1967-1970-жылдардын тегерегинде жазылып баштаган, бирок белгилүү бир себептер менен бүтпөй калган. Буга жаш Айтматовдун ошол мезгилде эле социдеологияга байланыштуу каршы ойлорун айта баштаганы себеп болгон. Тилекке каршы, ал ойлор социдеологдор тарабынан штык менен кабыл алынган. Муну түшүнгөн Айтматов ал чыгармаларын андан ары улантпастан, токтотуп койгон.

Антсе да, айтымда “Флейта и земля” чыгармасы Кыргызстандан да, СССРден да эмес, Болгарияда “Народная творчества” басмасынан жарык көргөн экен.

«Свидание с убитым сыном» да 1967-жылдары жазылган.

Бул чыгармаларды барактап отуруп, ошол мезгилде жаш Айтматовдун алдында эки жол турганын, бири – “Гүлсарат” повестинин духу менен кетип, айта турган оюн кагаз менен жаап-жашырып, сыр кылып катып жазуу, же экинчи жол – «Флейта и земля», «Свидание с убитым сыном» чыгармаларынын духунда кетип, ачыктан ачык эле социдеологияга каршы ойлорду жазуу турганын көрөсүң. Сыягы, Айтматов биринчи жолду тандап алган.

Бул мыйзам ченемдүү нерсе эле, Айтматов алгачкы чыгармаларынан баштап эле тоскоолдуктарга учураган. Анын айтылуу “Жамиласы” башкалар эмес, өзүбүздүн эле кыргыздын классик делген акын-жазуучулары тарабынан катуу каршылыкка учураган. Айтматовду жаш баладай тургузуп алып, тепкиге алышкан. Ошондогу 28-29 жаштагы Чыңгыздын кеменгердигин ушундан байкаңыз. Эч кимисине каяша айтпай, аягына чейин угуп отурган да, аягында кемчиликтерим болсо карап көрөйүн деп кол жазмасын алып кеткен да, ошондон көп өтпөй “Жамила” орус тилине, андан ары француз жазуучусу Луи Арагон тарабынан француз тилине которулган.

Тоо кызынын тунук сүйүүсүнө толкунданган Луи Арагон “Сүйүү жөнүндөгү эң сонун баян” аттуу рецензиясын жазып, жаш Айтматовдун эрдигин даңазалап чыккан. Натыйжада кыргыз жеринде кийиз сыяктуу тепкиленген чыгарма анын дүйнөлүк адабиятка карата тушоосун кескен.

Бизде академик Абдылдажан Акматалиев баштаган айтматов таа-нуучулардын чоң мектеби бар. “Мен узак жылдар Айтматов менен ага-инидей, устат-шакирттей байланышта болдум. Өзүмдү Айтматов үчүн жаралгандай сезем” дейт академик өзү. Арийне, Айтматов өзү да ага “Мен сага өзүмө ишенгендей ишенем”, деп айткан. “Манас” эпосун көтөр, “Манаста” изилде. “Манасты” унутпа” деп жүз кайталап насаат калтырган. “Агайдын бир ооз айткан кебин жерде калтырбай, “Манасты” изилдеп, УИАнын Кол жазмалар фондусундагы улуу дастандын кол жазма варианттарынын баарын китеп кылып чыгардык. Манас таануучулардын кийинки мууну үчүн изилдөөгө бардык ыңгай-шарттарды даярдадык” дейт.

Баса, китептин бет ачары демекчи, анда сөз сүйлөгөн Э.Каптагаев “Биз Айтматовду билебиз деген менен билбейбиз” деген ачуу чындыкты айтты. Биз, кыргыздар, чынында да Айтматовду сактап кала алган жокпуз. Себеби, ал элчилик кызматтан кетпесе, дагы бир топ жыл жашайт беле деген суроо ар бирибиздин көкүрөгүбүздө жашайт. Тилекке каршы, биз улуу жазуучуга бир элчиликти да ыраа көрбөй, элчилик кызматтан бошотуп койгон учур да болгон. Ал ошондо Кыргызстанга келгенден кийин өз атажуртуна өзү батпай калган. Бул да чындык. Ошол мезгилдеги айрым дөгүрсүгөн мамлекеттик катчылар ага тоң моюн мамиле жасап, Айтматов болсоң өзүңө Айтматовсуң дегендей кырстыгын, адамдык пастыгын жасашкан. “Мен Айтматовго мындай акыл айткам. Ал мени туура деп баш ийкеген” деген акылы мажирөө адамдарды да көргөнбүз. Ошентип отуруп, Айтматовду жоготуп алдык.

Жазуучу калкы турмушка ыңгайлаша албаган, кошомат-колоңду билбеген адам болот эмеспи. А Айтматовго болсо, андай нерселер таптакыр жат нерселер эле. Турмуш аны ошентип аксатты, тескетти. Улуу жазуучу, кеменгер жазуучу биздин коомго, карышкыр болуп улуп, түлкү болуп жойпуланып, чөө болуп тарп аңдыган коомго ыңгайлаша албай койду.

«Эхо ненаписанных строк. Наследие Ч. Айтматова» китеби маданий турмуштагы чоң жаңылык экендиги эч талашсыз. Ал тууралуу айтыла турган, деле турган сөздөр али алдыда.

Бүгүн бүт Кыргызстан залкар Айтматовдун 100 жылдыгына даярдык көрүү алдында турат. Карындашы Роза Айтматова «Чыңгыз өзүнүн көзүнүн тирүүсүндө 80 жылдыкты кандай белгилейбиз дегенде, үйдөн эле балдарымдын маңдайында, туугандардын, калемдештеримдин, замандаштарымдын арасында белгилейм. Андан артыктын кереги жок. Эгер жаш муунга таасирин тийгизсе, анда коомчулук менен белгилегенге макулмун» деген. «Менимче 100 жылдык жалпы эл үчүн зарыл болсо, жакшы идеялар болсо, элдин башын бириктирген, ынтымакка чакырган, алдыга умтулткан салтанатка айланса белгилесек болот, болбосо анчалык масштабдуу белгилеп кереги жок» деди.

Айтматовдун улуулугу анын жөнөкөйлүгүндө эле. Анын ордунда башка бирөө болгондо 80 жылдыгында дагы бир жолку эл баатырлыгын сурап, мамлекет анын юбилейин өткөрүүсүн карыз сыңары колко кылмак.

Демек, Айтматовдун көзү тирүүсүндө айткандары биз үчүн осуят болушу керек. Айтматовдун 100 жылдыгы үчүн 100 иш-чара ойлоп таап, эч кимге зарыл эмес, тескерисинче Айтматовдон айныткан, көңүл калтырган иш-чараларды өткөрүп кереги жок. Бир иш-чара өткөрсөк да, ал өмүр бою элдин эси-көөнүнөн кеткис болуп калышы
абзел.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар