whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
13.06.2025
22.4 C
Бишкек
Башкы беткеАктуалдуу маек“Кайтып келатканда суукка тоңуп өлгөн кишилерди көрдүм”

“Кайтып келатканда суукка тоңуп өлгөн кишилерди көрдүм”

Ишкер Рысгүл Акимжанова дүйнөдөгү эң бийик чоку Эверестти багынткан экинчи кыргыз айымы болду (Белгилей кетсек, буга чейин Асель Байбагышева Эверестти биринчи багынтып тарыхта калды). Рысгүл Акимжанова элибизге айыл чарба, өндүрүш багытындагы ишкердиги менен таанымал. Ал “Кыргыз Туусунун” студиясына келип, кантип альпинизмге кызыгып калганы, Эверестти багындыруудагы кыйынчылыктар тууралуу баяндап берди.

– Рысгүл айым, Эверестти багындырганыңыз элибизге чагылгандай тарап, баарыбыз сүйүнүп турган чагыбыз.  Сөздү ток этеринен баштасак, ишкердик менен алектенип жүрүп эле кандайча альпинизмге кызыгып калдыңыз?

– Негизи мен альпинизм эмне экенин билбеген жашоодо жашайт элем. Америкага продукциябызды экспортко чыгаруу боюнча иштер менен ал жакка кеткем. АКШда жүрсөм, Кадыр Сайдилкан (Дүйнөдөгү 7 чокуну багынткан кыргыз альпинисти) телефон чалып, “Эвересттин негизги жатаканасына трекинг (тоолуу рельефте көп күндүк саякат) уюштуруп жатабыз кошулбайсыңарбы?” – деп сунуштап калды. Жолдошум экөөбүз кеңешип, бул саякатка бара турган болдук. Эверестке саякатыбыз 10 күндөн ашыгыраак убакытты түздү. Мен ал жерге барганда тоонун кооздугуна, масштабдуулугуна, сүрдүүлүгүнө суктандым. Ал жакка саякатка 80-90 жаштагы кишилер да барышат экен. Аларды көргөндө мен “Кийинки жылы Эверестке чыкканы келем”, – деп баарына угуза айттым.

Кадыр Сайдилкан “Эгер, чындап келүүнү кааласаң, анда сен катуу даярданышың кажет. Катмандуда Андрей Ерохин деген альпинист бар, ошол сени даярдаса, андан кийинкисин дагы сүйлөшөбүз”, – деди. Мен аталган альпинистти таап сүйлөштүм, ал мага бардык программаны жазып берди. Анын аялы да иниси да альпинизм боюнча машыктыруучу экен. Ерохин мени аларга табыштады. Мен АКШга кайра кетишим керек болчу, бирок, бардык ишимди жыйыштырып коюп, Кыргызстанга келип машыгууну баштадым. Алена Ерохина, Ярослав Никитин,  Андрей Ерохиндин көзөмөлүнүн алдында техникалык көндүмдөрдү жасай баштадым. “Мугалим”, “Бокс”, “Корона”, “Рацека”, “Комсомолец” чокуларына техникалык чыгууларды жасадык. Андан сырткары Андрей Ерохин менен Ленин чокусуна, Килиманжарого барып келдик. Аны менен катар спорт залда күндө машыгып жаттым.

Октябрь айында Кадыр Сайдилканга жолугуп, “Мени Эверестке коштоп барыңыз”, – деп сурандым. Ал Асель Байбагышеваны даярдап жатканын, мени ала албасын билдирди. Кийин Илим Карыпбековдон сурандым. Ал дагы бир жылдын ичинде Эверестке чыгуу мүмкүн эместигин айтып баш тартты. Аларды деле түшүнсө болот, мурда альпинизм менен алектенип жүрбөгөн адам болсом, алар деле мага ишенген жок да. Ошондон кийин эч кимден суранбай, өз алдымча күндө машыгып жаттым. Эверест жөнүндө болгон маалыматтарды чогултуп, өзүмдү моралдык жактан даярдап жүрдүм.

Буга чейин орус компаниясы менен Килиманжарого (5895 м) баргам. Ошол компаниянын жетекчилери Эверестке бара турганын айтышты. Алар менен кошулуп Эверестке бардым. Бир нече жолу адаптация үчүн өйдө чыгып, кайра ылдый түшүп жаттык.

– Адаптация канча күндү түзөт экен?

– Мен өзүм тоолук кыз болгонум, организм күчтүү болгону үчүн тез эле көнүп кеттим. Башка өлкөдөн келгендер көпкө көнө албай жүрүштү. Май айында Эверестке жол ачылса, биз апрель айынан баштап даярдандык. Асель Байбагышева менен ошол жерден жолугуштук. Биз өйдө чыгып баратканда ал ылдый түшүп келатыптыр. Эверестке чейин 4 жатакана бар. 4-базадан кийин Эверестти багындырууга жөнөшөт.

– Сиз кайсы жерден артка кайттыңыз?

– Эверестке чыгар алдында мени коштоп жүргөн шерп келбей кечикти. Элдин баары кийинип даярданып бүткөндө, жолго чыгарга 15 мүнөт калганда келди. Өтө шашылыш даярдандым, башкалар 1 саат кийинсе, мен 15 мүнөттө жолго чыктым. Ошондуктан демиккеним басылбай, кислородду көп колдондум. Мага кошумча кислород баллонун алууну сунушташкан, бирок, өзүм көнбөй койгом. Кийин ал үчүн абдан өкүндүм. 8400 метрге чейин барып, кийин кайра кайтканга кислород жетпей кала турганын айтышып, артка кайтарышты.

– Артка кайтарышканда кайсы базага кайтып келдиңиз?

– Мен 4-базага келдим. Ал жерди “Өлүм аймагы” деп коюшат. Ал жерде кечкисин эч ким болбойт. Баары штурмга чыгып кеткен болушат. Мага ошол жерде түнөп калууга туура келди. Эртеси күнү ылдыйга түшүп, Катмандуга келдим. Компаниянын жетекчисине келип алардан дагы бир жолу чыгууга уруксат сурадым. Алар 26-майдан 27-майга караган түнү бир күн эле аба-ырайы жакшыраак боло турганын, бирок, ал күнү спортчуларга гана уруксат экенин айтышты. Суранып отуруп ошол спортсмендер менен чыгууга уруксат алдым.

– Экинчи жолу чыгуу үчүн кошумча акча төлөдүңүзбү?

– Шерпке (коштоп жүрүүчү) жана кислород баллонунун акчасын төлөп бердим. Биринчи жолу чыкканда 6 кислород баллону жетпей калган болсо, экинчисинде 6 баллон кеңири жетти.

Биз чыгып баратканда биринчи базаны жаап коюшуптур, биз дароо экинчи базага чыгып бардык. 2-3-базада түнөп, төртүнчү базадан эс алып, штурмга чыгып кеттик.

– Эверестке чыкканга караганда түшкөндө киши көп каза болот дейт го?

– Ооба, мен биринчи жолу жолдон кайтып келатканда суукка тоңуп өлгөн кишилерди
көрдүм.

Экинчи жолу чокуга чыгып, кайра түшүп келатканда мени коштогон эки шерпим эриген музга түшүп кетишти. Ал экөө кырсыкка кабылган соң, мени 2-базага кайра кайтышымды суранышты. Вертолет мени 2-базадан алып кетти, ал эми шерптерди куткаруучулар таап, дароо Катмандуга алып кетишти.

– Коомчулукта Эверестке чыккан адамдын бети күйүп, карайып калат. Рысгүл айым болсо шаарда жүргөндөй эле бети аппак дешүүдө.

– Биринчи штрумда менин бетимди үшүк алып кеткен. Эгер мен биринчи жолу чыкканда эле Эвересттин чокусуна жетсем, анда силер бетин суук алып кеткен Рысгүлдү көрмөксүңөр.

– Эгерде, жашыруун болбосо, Эверестке чыгууга канча каражат кетет экен?

– Эверестке чыгуу үчүн Непал мамлекетине официалдуу түрдө салык төлөнөт. Менин ошол жакта жашаганыма, сертификат, тамак-ашыма ж.б. 55 миң доллар төлөдүм. Андан сырткары визага, кошумча шерпке 10 миң доллар кетти. Ошентип, 65 миң доллар акча кетти. Эверестти багындырууда бул акча эң аз болуп эсептелет экен.

Султанбек АМАНБЕК уулу,
“Кыргыз Туусу”

P.S. Маекти толугу менен төмөнкү шилтемеден көрө аласыздар

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар