Өзбекстан Кыргызстан менен чек арада эркин соода аймагын түзүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу 16-апрелде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Анжиян облусун өнүктүрүү боюнча жыйында билдирди.
Анын айтымында, жыл сайын Анжиян облусунан Кыргызстанга 200 миллион долларга чейин товар экспорттолот. Ошондуктан президент соода жана өнөр жай зоналарын чек арадагы Коргонтөбө же Кожабад райондорунун биринде ачуу зарылдыгын белгиледи.
Мирзиёев ушул эки аймактын бирин тандоону жана долбоордун планын иштеп чыгууну тапшырды.
Ал мындай эркин экономикалык аймакты Өзбекстан менен Ооганстандын чек арасында иштеп жаткан аймактын үлгүсүндө уюштурууга болорун айтты.
Маалыматка ылайык, 2019-жылы майда Ташкент Ооганстан менен чектеш Сурхандарыя облусунда “Өзбекстан–Ооганстан” аттуу соода зонасын ачкан. Ал жерде ооган ишкерлерине бажы терминалы, мейманкана, ресторан жана тейлөө пункттары сыяктуу бардык шарттар түзүлгөн.
Өзбек бийлиги «мындай эркин соода аймагынын Борбор Азияда аналогдору жок жана ал чөлкөмдөгү өлкөлөр аралык сооданын өнүгүшүнө, жергиликтүү товарлардын эл аралык базарларга чыгышына өбөлгө түзөт» деген пикирде.