whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
25.05.2025
21.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомСыдыгалиевдин Башкы прокуратураны айыптаган сөзү ырасталган жок

Сыдыгалиевдин Башкы прокуратураны айыптаган сөзү ырасталган жок

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Башкы прокуратура “Мегакомдун” мурдагы жетекчиси Акылбек Жамангуловго кылмыш ишин козгоп, каражат алып кайра коё бергени тууралуу билдирүү ырасталбаганын маалымдады.

Атайын кызмат бул тууралуу парламентте сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев, экс-башкы прокурор Курманкул Зулушев, Акылбек Жамангулов жана башка адамдардын катышуусунда текшерүү жүргүзүлгөнүн билдирди. Анда Нурбек Сыдыгалиев өзү да айткандарын тастыктай турган фактылар жок экенин мойнуна алганы айтылды.

“Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиевдин маалыматы так эмес жана чагымчыл мүнөздө болуп, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна алып келип, жарандардын мамлекеттик органдарга ишенимин кетириши мүмкүн. Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Нурбек Сыдыгалиевге келечекте мындай билдирүүлөргө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү”, — деп айтылат маалыматта.

Нурбек Сыдыгалиев 15-апрелдеги  Жогорку Кеңештин жыйынында Курманкул Зулушев Башкы прокуратураны жетектеп турганда Акылбек Жамангуловго кылмыш иши козголуп, ал акча бергенден кийин бошотулганын, буга байланыштуу арыз жазууга да даяр экенин айткан.

Башкы прокурор Максат Асаналиев бул иш тууралуу маалыматы жок экенин, Акылбек Жамангулов арыз менен кайрылса териштирүү болорун кабарлаган.

Тактап кетсек, “Мегакомдун” мурдагы жетекчиси, экс-депутат Акылбек Жамангулов 2022-жылдын март айында Түштүк Кореянын эки жаранынын ортосундагы каржылык маселеге байланыштуу шек саналып кармалып, ошол эле жылдын июнь айында үй камагына чыккан.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар