whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.07.2025
22.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыНАТОго мүчө мамлекеттер аскерий чыгымдарын көбөйтө турган болду

НАТОго мүчө мамлекеттер аскерий чыгымдарын көбөйтө турган болду

НАТОго мүчө мамлекеттердин Нидерланддын Гаага шаарында 24-25-июнда өткөн саммитти жыйынтыктылды. Ага альянска мүчө болгон 32 өлкөнүн өкүлдөрү катышты.

Саммитте кабыл алынган документке ылайык, НАТОго мүчө өлкөлөр 2035-жылга чейин ички дүң продукциясынын (ИДП) 5% коргонууга жумшоого макул болушту. Анын ичинен 3,5% аскердик максаттарга, 1,5% инфраструктураны, санарип тармактарды коргоого жумшалат. ИДПнын 5% аскерий-сакясий альянска мүчө мамлекеттер үчүн оор түйшүк. Учурда алардын көбү ИДПнын 3% аскерий максатка жумшайт.

НАТО өлкөлөрү Украинаны колдоого кеткен чыгымды коргонууга жумшалган каражат катары эсептешет. Бул Киевге жардам берүүнү жеңилдетиши мүмкүн.

Жыйынтык документте Орусия «евроатлантикалык коопсуздукка коркунуч туудурат» деп гана айтылган. Согуш деген сөз колдонулган эмес. 21-кылымда “согуш” термини колдонулбай калды, бирок согуш токтогону жок. Жарыша куралдануу өткөн доор менен кошо кетпептир, дүйнө согушка, куралга чыгымын көбөйттү.

Былтыркы саммитте «Украинанын НАТОго жолу ачык» деп айтылган болсо, быйылкы документте мындай билдирүү камтылбады. Демек альянс бир чечимге келе албады.

АКШ президенти НАТО саммитиндеги сөзүндө альянска мүчө өлкөлөр коргонууга кеткен чыгымдарын ИДПнын 5% деңгээлине чейин көтөрсө, НАТО «өтө күчтүү» болорун билдирген. НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте чыгымдарды 5% чейин жогорулатуу АКШ эмес, Европа өлкөлөрү менен Канаданын моюнунда болорун жана бардык өнөктөштөр муну колдоого даяр экенин белгилеген.

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар