Сауд Арабиясына умра сапарына барган жүздөгөн өзбекстандык бир нече күндөн бери үйүнө кайта албай убара тартууда. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.
Маалыматка караганда, алар учурда Жидда жана Медина шаарларындагы мейманканаларда жатышат. Ара жолдо калган зыяратчылар акча-тыйыны калбай баратканын, сапарды уюштурган компаниянын өкүлдөрү байланышка чыкпай жатканын айтып “Азаттыктын” өзбек кызматына кайрылышкан.
Жалпысынан 2800 адам JAT Travel компаниясы аркылуу умрага жөнөгөн. Анын жарымы өзбекстандыктар болсо, калган бөлүгү Тажикстандын жарандары. Алар да умра сапарына Ташкент аркылуу чыгышкан.
Зыяратчылардын көпчүлүгү бул сапар үчүн 1200–1300 доллар төлөшкөн. Сауд Арабиясына жеткенден кийин алардын айрымдарынын визасы жасалма экени аныкталып, зыярат жөрөлгөлөрүн аткара албай калышкан. Айрымдары буга нааразылык билдирип, кээ бирлери ачкачылык да жарыялаган.
Журналисттедин JAT Travel компаниясы менен байланышуу аракетинен майнап чыккан эмес. Ошол эле маалда Сауд Арабиясында бул компаниянын өкүлү, Саида аттуу аял кармалганы кабарланууда.