Башкы беткеМаанилүүЭ.Байсалов 3 жашка чейинки балдардын баарына жөлөкпул берүүнү сунуштады

Э.Байсалов 3 жашка чейинки балдардын баарына жөлөкпул берүүнү сунуштады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 3 жашка чейинки бардык балдарга жалпы жөлөкпул киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу чиновник жакырчылыкты кыскартуу жана социалдык мобилизацияны күчөтүү боюнча республикалык жыйында билдирди.

«Эң жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарынын 21 пайызы гана социалдык жөлөкпул алат. Бул 54 миң үй-бүлөдөн194,8миң бала. Ошол эле учурда өлкөдө жакырчылыктын чегинде жашаган миллионго жакын бала бар»,

— деп белгиледи ал.

Байсаловдун айтымында, муктаж болгон беш адамдын төртөө социалдык колдоо системасына камтылган эмес, бул мамлекеттин төрөлүүнү жогорулатууга багытталган демографиялык саясатында белгиленген.

«Туулуунун деңгээли боюнча Казакстандан кем калганыбыз уят»,

— деген Байсалов депутаттарды бардык балдарга жалпы пособие киргизүү жөнүндө маселе көтөрүүгө чакырды.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар