Бүгүн, 9-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев жол эрежесин бузган айдоочулардан жол эрежесин суроо коррупцияга жол ачарын айтты.
Балбак Түлөбаев 1-сентябрдан тарта Жол милициясы жүргүзө турган сынакка нааразы болгондор кайрылганын айтты.
“Садыр Нургожоевичтен жарылыгын артка кайтарып алуусун суранып жатышат. Муну менен «Жол милициясына коррупцияга жол ачып бересиңер» дешүүдө. Жок дегенде Бишкек менен Ош шаарларынан пилоттук режимде баштайлычы”, — деди эл өкүлү.

