2026-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров швейцариялык SICPA SA компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы жана башкы директору Филипп Амон менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, экономикалык коопсуздукту чыңдоо жана инновациялык чечимдерди киргизүү багытындагы биргелешкен долбоорлор талкууланды. Ошондой эле тараптар тажрыйба алмашуунун келечегине өзгөчө көңүл бурушту.
Мамлекет башчысы жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, стратегиялык мааниге ээ тармактарда ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана заманбап башкаруу ыкмаларын киргизүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары бойдон каларын белгиледи. Айрыкча тоо-кен тармагын өнүктүрүү, анын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу жана ишенимдүү өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүү маселелерине көңүл бурулду.
Өз кезегинде Филипп Амон экономикалык жана санариптик суверенитетти бекемдөөгө багытталган технологиялык чечимдерди сунуштады. Алар салыктык башкарууну жакшыртууга, көмүскө экономиканы кыскартууга жана товар жүгүртүүгө көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган.
Бул сыяктуу ыкмаларды киргизүү бюджеттик кирешелерди көбөйтүүгө, мыйзамсыз ишмердүүлүккө каршы күрөштү күчөтүүгө жана мамлекеттик институттардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрү белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өз ара кызыкдар экенин ырасташты.
Маалымат үчүн: SICPA SA — аткезчиликке жана жасалма продукцияга каршы күрөшүү, ошондой эле салык төлөөдөн качуунун алдын алуу үчүн мониторинг жана контролдоо технологияларын иштеп чыккан Швейцариянын алдыңкы компанияларынын бири.

