Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров ЕККУнун Башкы катчысы Феридун Синирлиоглуну кабыл алды

Садыр Жапаров ЕККУнун Башкы катчысы Феридун Синирлиоглуну кабыл алды

Бүгүн, 25-мартта, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Башкы катчысы Феридун Синирлиоглу менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, ошондой эле өлкөдөгү биргелешкен долбоорлорду кеңейтүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы акыркы жылдары Уюм менен өз ара аракеттенүү активдүү өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилеп, тараптардын үзгүлтүксүз өз ара сапарларынын маанисин баса көрсөттү. Ал ошондой эле ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин ишмердүүлүгүн жогору баалап, учурда Кыргызстанда Уюм тарабынан 22 долбоор ишке ашырылып жатканын билдирди. Ийгиликтүү демилгелердин бири катары борбор калаадагы ЕККУ Академиясынын иши белгиленди.

Президент уюмга сот жана укук коргоо системаларын реформалоо, санариптештирүү, мамлекеттик башкарууну жакшыртуу, ошондой эле адам укуктарын жана демократиялык эркиндиктерди өнүктүрүү багыттарындагы колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыкты чыңдоо Кыргызстандын тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири экенин белгилеп, Башкы катчынын сапары аймактагы мамлекеттик чек аралар боюнча тарыхый келишимдердин жылдыгына туш келгенине көңүл бурду.

Өз кезегинде, Феридун Синирлиоглу жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, акыркы жылдары Кыргызстанда жетишилген социалдык-экономикалык ийгиликтерди жогору баалады. Ал өлкөнүн демократиялык өнүгүүсүн, ошондой эле аялдардын саясаттагы жана парламенттеги активдүү өкүлчүлүгүн өзгөчө белгиледи.

Мындан тышкары, ЕККУнун Башкы катчысы Кыргызстандын коңшу өлкөлөр менен ишенимге негизделген мамилелерди чыңдоого багытталган тышкы саясатын жана эл аралык укуктун принциптерине берилгендигин баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент дүйнөдөгү татаал геосаясий кырдаалга, айрыкча Жакынкы Чыгыштагы куралдуу жаңжалдарга байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, бардык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар тынчтыкты, туруктуулукту жана аймактык кызматташтыкты чыңдоого багытталган өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар