Башкы беткеМаанилүүКалыс Нурбек КАЛЫКОВ: “Командаларды баксак волейболдон чоң ийгилик жарата алабыз”

Калыс Нурбек КАЛЫКОВ: “Командаларды баксак волейболдон чоң ийгилик жарата алабыз”

Волейбол спортуна 40 жылдан ашуун өмүрүн арнаган, эл аралык калыс, легендарлуу инсан Нурбек Калыков маек төрүбүздө болуп, төмөнкүлөрдү баяндап берди.

3-класстан тарта волейболго аралашкам

– Волейболго мени атам Абдыганы Калыков 3-классымда алып келген. Алгач “Спартак” волейбол клубунун балдар-өспүрүмдөр мектебинде ойноп, кийин Кыргыз ССРинин окуучулар волейбол курама командасына кирүүгө жетиштим. Институтка тапшырганда азыркы И.Раззаков атындагы университеттин “Политехник” волейбол клубунда, кийин ИИМдин “Динамо” курама командасында ойноп жүрдүм. 1998-жылы КРнын спартакиадасында Чүй облустук командасынын катарында оюнга чыгып, 2-орунду алганбыз. Ал оюн волейболдук карьерамдагы эң чоң мелдеш болуп калды. Ошол жылы эле волейбол боюнча спорт чеберинин кандидаты деген наам алдым. 2002-жылга чейин “Динамо” командасында ойноп жүрүп, кийин СКА-ПВО волейбол клубунда 2 жыл оюнчу болдум. Кийин ал Solveig Sport волейбол клубу болуп өзгөрдү. 2011-жылы Бишкек курама командасынын курамында спартакиадага катышып, 1-орунду алып, волейбол боюнча спорт чебери наамын алгам. Ошол учурда Волейбол федерациясынын калыстар тобунун төрагасы болуп турган атам: “Балам өмүр бою эле волейбол ойнобойсуң. Калыстыкка чыгууну да караштырып көр”, – деп калыстыкка кызыктырып койду.

Кийин “Салам алик” волейбол клубунда ойноп жүрүп 2016-жылы карьерамды аяктадым. Ага чейин аз-маз калыстык кылып жүргөн болсом ошол жылдан тарта респуб-ликалык деңгээлдеги оюндарга калыс боло баштадым. 2017-жылы Дүйнөлүк волейбол федерациясынан эл аралык деңгээлдеги калыстарды даярдоо сунушу түшүп, Кыргызстандан Нургазы Кокчолоков экөөбүз Таиланддын Банкгок шаарында эки жума окуп келдик. 2018-жылы Кыргызстан курама командасы Азия оюндарына жолдомо алып Индонезиянын Жакарта шаарындагы оюндарга катышкан. Андан да калыстык кылгам. Кыскасы, волейбол менен келе жатканыма быйыл туура 40 жыл болуптур.

“Машыктыруучу жон тери менен сезиши керек”

– Негизи эл аралык калыс болуш үчүн бир нече оюндарга калыс болуп, тажрыйба топтош керек. Биринчи жолу 2018-жылы Монголия менен Ирандын волейбол оюнуна калыстык кылып, жогорку баа алдым. Ошол жылы мага “Эл аралык калыс” күбөлүгү берилген. Ошентип Кыргызстан тарыхында волейбол боюнча эң биринчи эл аралык калыс болдум. Кийин Индия менен Пакистандын, башка өлкөлөрдүн оюндарына калыстык кылып, жыл сайын Кыргызстандын курама командасы менен эл аралык оюндарга барып жүрдүм. Негизи эреже боюнча ар бир мамлекеттин командасы оюнга өз калысы менен барышы керек. Себеби, ал өз командасынын оюнуна эмес, башка командалардын оюнуна нейтралдуу калыс болуп берет. Эгер кайсы бир өлкөнүн курама командасы калысы жок барса айып пул төлөйт. Кыскасы, 2018-жылдан тарта эл аралык калыс катары ондон ашык мамлекетке бардым. Өзүм оюнчу болгондуктан калыстык кылуу мага оңой болду. Анын үстүнө мен волейбол боюнча окутуучулук жогорку билим да алгам.

Учурда волейбол машыктыруучуларын окутуп жатам. Биринчи күнү түшкө чейин аларга теория өтүлүп, кадимкидей лекция жазышат. Түштөн кийин спорт залга барып улан- кыздарга, балдарга ар бир көнүгүүнү тажрыйба жүзүндө көрсөтүшөт. Бул жаш машыктыруучулардын көнүгүүлөрдү өзү жон тери менен сезип, жакшы үйрөнүшүнө шарт түзөт. Үчүнчү күнү жаш машыктыруучулар тест жазышат. Тестте волейболго байланышкан 50 суроо болот. Тесттен ийгиликтүү өткөн агайларга Волейбол федерациясынын инструктору катары менин колум коюлган сертификат тапшырылат. Былтыр Каракол шаарында 20 агай катышкан окутуу өткөргөнбүз. Өткөн жумада Нарын шаарында окуу өткөрдүк.

70 жаштагы волейболчу апа бар

– Азыр Улуттук лигада 8 команда ойнойт. Алардан кийинки жогорку лига “А” жана “Б” лигасы деп экиге бөлүнөт. “А” лигада ар бири алты командадан турган эки топ бар. Жогорку “Б” лигасында  8 команда бар. “Б” лигасынан уткан командалар “А” лигасына өтөт, “А” лигасынан утулгандар кайра “Б” лигасына түшөт. Ошондой эле жогорку “А” лигасында биринчи орун алган команда Улуттук лигага өтөт. Негизи “А”, “Б” лигаларына чейин Кыргызстанда көп волейбол клубдар бар. Учурда айыл, район аралык волейбол сүйүүчүлөрдүн көп турнирлери болуп жатат. Облустук чемпионаттарда бир райондон эле 3-4 команда чыгат. Аларды эске алганда Кыргызстан боюнча жалпы 400дөн ашык волейбол клубдары бар десек болот. Андан сырткары, айыл, райондордо волейбол сүйүүчүлөрдөн команда курап, оюндарга жеке демөөрчү болуп жаткандар да арбын.

Азыр биздин негизги максатыбыз – кыргыз волейболун эл аралык аренага чыгаруу. Атайын Азиялык волейболдук конфедерация деген бар. Ал мурда үч зонага бөлүнсө, акыркы жылдары биз ага Борбордук зона деп дагы бир зона коштук. Ага 14 өлкө кирет жана алардын катарында волейбол боюнча Орто Азиядагы күчтүү делген Индия, Иран, Пакистан, жаңы өнүгүп келе жаткан Непал, Мальдиви аралдары, Бангладеш өлкөлөрү кирет. Акыркы жылдары биздин Улуттук эркектер командасы ушул өлкөлөрдүн командалары менен беттешип, 3 жолу чемпион болуп, бир жолу күмүш, бир жолу коло медаль алды. Мурдагы жылы өткөн Азия оюндарына да катышып келдик. Кыскасы, волейбол Кыргызстанда улуттук спорт оюндарынын бири болуп калды десем жаңылбайм. Себеби, кайсыл маараке, юбилей болбосун волейбол боюнча турнир уюштурулат.

Баса белгилей кетсек, бизде аялдар волейболу жакшы өнүгүп жатат. Алсак учурда Энелер лигасы, Дилгир лигасы бар. Мындай лигаларда эжелер, апалар ойноп жүрүшөт. Өткөндө түштүк жергесинде болгон бир турнирде 70 жаштагы апа ойногонун көрүп таң калдым. Өзүм да волейболдук карьерамды 36 жашымда токтотконум менен 48 жашка чыгып Ардагерлер лигасында 35тен жогоркулар менен теңтайлашып келе жатам.

Канча тил билсең ошончо адамсың

–  2023-жылы Улуттук олимпиадалык комитетте эл аралык программага катышуу сунушу болуп калды.  Ага катышып, биринчи өзүм тууралуу англис тилинде жалпы маалымат берип, андан кийин суроолорго жооп бердим. Үчүнчү тест катары англис тилинде жазуу түрүндө тест тапшырдым. Анан ZOOM аркылуу Эл аралык олимпиада комитетинин өкүлү менен англис тилиндеги аңгемелешүүгө катыштым. Эки жумадан кийин менин электрондук дарегиме тесттен ийгиликтүү өткөндүгүм тууралуу кабар келди. Ошентип мага окшогон спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дүйнөнүн ар тарабынан 35 мугалим катышкан онлайн окууну бир жарым жыл окудум. Окуу бүткөн соң Америкага чакырышып, ал жакта бир жарым ай кадимки студенттердей эле окудук. Бизге сабак бергендер ар башка өлкөнүн улуттук курама командаларынын белгилүү, тажрыйбалуу машыктыруучулары экен. Алган билимибизге жараша кийин ар бирибиз дипломдук иш жазып, мен “Балдар волейболу” темасында жаздым. Дипломдук иштерибизди Эл аралык олимпиадалык комитеттин Швейцариянын Лазана шаарындагы штаб-квартирасында жактадык. Дипломду жактоого Эл аралык олимпиада комитетинин президенти, доктор Томас Бах өзү катышып, бизди белгилүү олимпиадалык чемпиондор кабыл алышты. Ошентип мен 2014-жылы Американын Делавер университетинин Машыктыруучу сертификатына ээ болдум. Сертификатты алууда мыкты спорт машыктыруучусу, калысы болом дегендер тил билсе кайсыл жерде болбосун артыкчылыкка ээ болорун түшүндүм.

Учурда Бишкектеги “Газпромдун” мектеби менен Американын QSI эл аралык мектебинде англис тилинде волейбол боюнча сабак берем. Аны менен бирге эле өзүмө жаккан калыстык кесибин улантып келе жатам. Өткөн жумада Улуттук лиганын оюндары бүткөн. Бул жума ичи жогорку лигадагы “А” жана “Б” лигаларында жалпы 20 команда беттешип жатат. Ал жерде калыстыкка чыгып жаңы келген калыстарга тажрыйбабызды үйрөтүп жатам.

Волейбол менен бойду өстүрсө болот

– Жакында эки облуска барып так ушул балдар волейболу боюнча машыктыруучуларга сабак өтүп келдим. Ошол жерден балдарын волейболго берүүгө ата-энелер абдан кызыкдар экенин көрдүм. Бирок, каалоосу жок баланы түртмөлөй берүү бул эски практика. А негизи кыздар 11 жаштан, балдар андан жарым, бир жыл кечирээк кирсе жакшы болот. Андан эртерээк кылганда баланын колу, буту ооруп калса волейболдон качып калышы мүмкүн. 10 жаштан кийин баланын колу, бутуна каруу кирип калат. Ага чейин бала кайсы спорт түрүн кааласа тоскоол болбой эле ошого бере бериш керек. Кийин машыктыруучулар деле байкап, балдарга “сен буга, сен тигиге шыктуу экенсиң” деп багыт беришет. Эгер баланын машыктыруучусу мыкты болуп, көнүгүүлөр туура, так жасалса волейбол менен баланын боюн 5 сантиметрден 10 сантиметрге чейин өстүрүүгө болот.

Биздеги бир кемчилик мыкты оюнчуларды ишинен, окуусунан сурап келип ойнотсок, Япония, Кытай, Иран, Түштүк Кореянын чоң клубдарында оюнчулардын машыгуусу, оюну кадимки эле жумушу. Машыгууга, оюнга алар ар күнү ишке келгендей келишип, чоң-чоң маяналарды алышат. Алар эртең менен жеңил көнүгүүлөрдү жасап, түшкө чейин жеңил, түштөн кийин негизги машыгууларды кылышат. Бизде да командаларды кадимкидей баксак волейболдон улан-кыздарыбыздын деңгээли бир топ өсүп, натыйжа берерине ишенем. Себеби, былтыр 14 жашка чейинки командаларыбыз Өзбекстанга, Россияга барып келишти. 16, 18 жаштагы кыздар командасы Мальдив аралдарына барышып экөөндө тең 1-орундарды алышты. Кийин ошол эле жерде Борбор Азия чемпионаты өтүп аялдар арасындагы мелдеште биздин курама команда чемпион болду. Ошондо 14 өлкөнүн ичинен биз 3 жолу чемпион болдук. Эркектерди айтсам, Пакистанда болгон чемпионатта 1-орунду Пакистан командасы, 2-орунду Түркмөнстан командасы алып сенсация жаратты. Сенсация, дегеним акыркы 5 жылда биз бул өлкөнүн командалары менен беттешип бир да жолу утулган эмеспиз. Анан 3-орунду биздин команда алды. Кийин Ю-22 категориясында чемпионатка катышып, финалдык беттешке чыга албай 3-орунду алдык. Ошентсе да биздин балдар азыр жакшы оюндарды көрсөтүп, болушунча аракет кылып жатышат. Болгону жакшы каражат бөлүнүп, өз убагында курама команда чогултулса натыйжа мындан да жакшы болот деп ойлойм.

Мелис Совет уулу, “Кыргыз Туусу”

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

1 ПИКИР

  1. Азаматсын Нурбек.Ишине ийгилик каалайм.Дуйного таанымал спортсмендерди даярдап,дуйного таанымал башкы калыстардын Бир и бол.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар