whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.03.2025
21.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаданият жана адабиятАдабиятАвторлор көп – акын аз, жазгандар көп – жазуучу аз

Авторлор көп – акын аз, жазгандар көп – жазуучу аз

Бүгүнкү күндүн адабияты, анын ичинде улуттук адабият кандай болушу, кандай баалуулуктарга таянып, кандай образдарды жаратышыбыз керек? Кандай каармандарды алып чыгышыбыз абзел? Бүгүн окурман эмне окугусу келет?

Жаманбы-жакшыбы, адабий процесс жүрүп жаткандай. Буга адабият айдыңында кыска этюддардан романдарга чейин, төрт сап ырлардан поэмаларга чейин жазылып жатканы күбө. Балдар адабиятында, драматургия жанрында да изденүүлөр болуп жатканын көрүүгө болот. Улуттук жазуучулар союзунун «Алтын калем» сыйлыгынан баштап жөн сыйлыктарга чейин берилип, ар түрдүү адабий сынактар өтүүдө.

«Улуу Тоолор» басмаканасынын ээси Жумадин Кадыровдун айтканына караганда, борбор шаарыбыз Бишкектин өзүндө гана 100дөн ашуун типография, 30дан ашуун басмаканалар бар экен. 7 миллион калкы бар Кыргызстан үчүн бул мыкты көрсөткүч. Мунун баары шакылдап иштеп, миллион болбосо да миңдеген нуска китептерди басып жаткандыр. Ар бир басмакананын өз кардары бар. Киреше болбосо ким иштемек эле. Демек, адабий чыгармачылык менен алектенген инсандарыбыз көп.

Ар кандай авторлор пайда болду, алар ар түрдүү стилде, жанрда жазууда. Алардын ичинен жалпы көркөм адабият, блогердик адабият, мотивациялык адабият жана түрдүү сөздүктөр менен справочниктер көп басылып жатканы байкалууда. Балдар жана өспүрүмдөр адабиятынын өкүлдөрүнүн да дүбүртү катуулап баштады. Айрым сезимтал акын-жазуучуларыбыз учурдагы кыргыз окурманынын табитин, талабын туя билип, жакшы чыгармаларды жаратууда. Буга элибиздин чыгаан инсандары, болуп өткөн саясий окуялар тууралуу тарыхый романдар мисал боло алат. Коомдогу болуп жаткан көйгөйлүү маселелерди, экономикалык жана саясий абалды, жалпы элдин маанайын чыгармачыл адамдар көз жаздымда калтырбай өз түшүнүгүнө, акыл калбырына салып элеп,  чыгармаларында таамай белгилеп берип жатат. Дүйнөлүк адабиятка кызыгуум арбын. Кыргыз авторлорунун чыгармалары да башка өлкөлөрдүн жазуучуларынын чыгармаларынан кем калышпайт, кээ бири ашса ашат. Сөз баккан, кадырын жана баасын билген кыргыз элинин да ушул күндө уучу кур эмес. Акындар плеядасы бар. Проза жанрында да жаңы жылдыздар жана баштады.

Азыркы жазуучулар өз чыгармасын ар кандай адабий интернет сайттарда, социалдык тармактарда, газета-журналдарда жарыялай алышат. Каражат маселеси чечилген болсо дароо китеп кылып чыгарса да болот. Кыскасы, өз эрки, «кой деген кожо жок, ай деген ажо жок».

Албетте чоң мүмкүнчүлүк жаралган жерде мүчүлүштөр болбой койбойт. Жазуучунун окурман алдындагы жоопкерчилиги жоголуп баратат. Биз, жазуучулар, муну сөзсүз түрдө эске алуубуз зарыл. Бүгүнкү жазуучулар үчүн мүмкүнчүлүк чоң болгон менен ошончолук чоң конкуренция бар. Советтер Союзу урагандан кийинки өткөөл мезгилдеги уят-сыйытсыз чыгармалар жана жугумсуз, шайкелең тексттер менен ушул тапта алыска бара албайбыз. Бизде адабий же филологиялык билим болбосо да, жок дегенде орто мектептерде окутулуп жаткан кыргыз тилинин базалык эрежелерин билишибиз керек. Өзүбүз менен кошо окурманга да тилди, сөздү, так жана катасыз жазууну үйрөтүшүбүз керек. Азыр жазуучу эркин. Башка-көзгө койгулап, катасы менен мазмундук кемчилигин айтып турган адабий сынчы жок. Бир кезде адамдын жазаарын же жазбаарын чечип койчу 4-5 илимпоз, таанымал кишиден турган адабий экспертиза жок. Жазган адамдын социалдык тармакта өзүнүн окурманы, чөнтөгүндө 300 миң акчасы болсо редактор менен корректорго текстти оңдотуп, китеп бастырып атабыз. Анын ичинде өзүм да бармын.

Эми мунун да жакшы жагын айта кетели. Мен өзүм алгач адабий эркиндикти жогору коём. Чыгармачыл кишиге кайсыдыр бир чекти, бийиктикти белгилеп, ошонун алкагынан чыкпа деген пикир ныпым болууга тийиш эмес! Бир нерсе жазам деген адамдын өз көз карашы, максаты, белгилеп алган иш-аракети бар. Ар бир акындын болсун, же жазуу-чунун болсун чыгармасынын баасын жалпы окурман гана бере алат! Соцтармактагы достор менен пикирлештер, тууган-урук көңүл үчүн да мактап коюшу мүмкүн, а бирок бүтүн кыргыз окурманын алдай албайсың. Калыстыкты туу туткан, адабиятчы инсандардан уучубуз кур эмес, эки ооз сөзү менен жыга чабат.

Мейли, буга макул дейли. А бирок ошол өз чөнтөгүнөн сарптап китеп бастырган адам ушул күндө канткенде чыгармаларын башка аймактарга, калың окурманга жеткире алат? Албетте өзү. Жеткирген күндө да канткенде окурман пикирин, баасын ала алат? Жазган кишинин баарында эле соцтармакта миңдеген досу, тарапташы, тууган-уругу жок да. Бүткүл түйшүк өз мойнунда. Чынын айтканда акын-жазуучуларга таандык болгон өзгөчө аура, сыр жоголгону качан. Катардагы ар бир өндүрүүчү кесип сыңары жөнөкөйлөнүп кетти. Мамлекет адабиятты өгөйлөп салганынан баарыбыз кабардарбыз. Болбосо мамлекеттик телерадио каналдарынан бир жумада бир сааттан адабият жана анын учурдагы өкүлдөрү үчүн убакыт бөлүп, атайын теле берүү уюштуруп берсе жаман болбойт эле. Отуз жылдан бери идеология жок, биримдик жок деп какшап келе жатабыз, ошонун негизин алгач улуттук адабиятыбыз түзөт. Муну моюнга алышыбыз керек. Бирде Сейдалы Мырзакматов агам: «Айтбек, азыр кыргыз акын же жазуучу болсун айырмасы жок, китеп бас-тырса тиражы араң эле миң даана болот. Баасы да арзан, ашып кетсе 500 сом. Бир килограмм эттин баасы, мындай айтканда. Мейли, жетишпеген үй-бүлө болсо айла жок. Колунда 500 сом турса алгач этти алат, ач адамды биринчи курсагы ойлондурат. Бирок жакшы жашаган адамдарыбыз көп. Ошолор китеп сатып албайт. Мекендештерибизде китеп сатып алуу маданияты жок. Коомубуздун деградацияга учурап жатышынын негизги себептеринин бири ушул маселеде», – деген эле. Жазуучулар Союзунда компетенттүү жана калыс адамдардан атайын комиссия түзүлүп, басылып жаткан китептерибиздин арасынан бычакка сап боло турган мыктыларын тандап алып, жергиликтүү аткаруу бийлигинин карамагындагы жана мектептердеги китепканаларга таратылса жакшы болмок.

Жогоруда айтып өткөнүм мамлекеттик деңгээлде кыла турган нерсе. Муну чоңдор өздөрү гана эске алып, анан бир аракет кылбаса. Ал эми жеке адамдарыбыз жөн карап турган жок. Мисалы, Жумадин Кадыров агайды айталы. Атайын китеп окуу боюнча чоң программа иштеп чыгып, ошону жайылтуунун аракетинде жүрөт. Китептерди аудиолоштуруп бир топ замандаштарыбыз жүрөт, Төрөкул Дооров, Эрнис Кыяз. Андан башка дагы көптөгөн меценат инсандарыбыз бар.

Айта кетчү нерсе, 2024-жылдын декабрь айында Кыргыз Улуттук Жазуучулар Союзунун 90 жылдык мааракесинде ошол кездеги премьер-министр Акылбек Жапаров “Алтын калем” сыйлыгынын лауреаттары мурдагы 100 миң сом ордуна 500 миң сомдон алаарын айтып кетти. Ошону менен кошо эле көптөгөн жакшы кабарларды уктук. Жазуучулар Союзуна караштуу “Арашан” чыгармачылык үйү артка кайтарылды. Жазуучулар Союзунун имараты ремонттон өткөрүлүп, коммуналдык кызматтардан болгон карызы толугу менен кыскартылды. Каныбек Иманалиев төрага болуп келгенден бери алгылыктуу иштер жасалды. 90 жылдык мааракеде: “Буйруса кыргыз адабиятынын алтын доору жаралып жатканына ишенемин! Кыла турган иштер көп, калемдештер! Адабиятыбыздын алтын доорун жакшы чыгармаларыбыз менен бирге жараталы!” – деп баса белгилеп өттү.

Биздин милдет эмнеде? Албетте, жакшы чыгармаларды жаратууда. Ага бардык шарттар бар. Мурдагы жазуучуларга окшоп сыя челек менен калемсап кармабайбыз, жазуу машинкасын колдонбойбуз. Алдыбызда акыркы үлгүдөгү ноутбук менен компьютерлер, атайын иштелип чыккан жазуу программалары бар. Чыгарманы каалаган жериңден баштап жазсаң болот. 24 сааттын ар бир минутасын пайдалансак болот. Керектүү маалымат менен кабарды заматта, ордубуздан жылбай туруп алабыз. Айлап-күндөп китепканалар менен архивде отуруунун кажети жок. Муну менен жазуучу болуш оңой дегенден алысмын. Бирок жазуучунун идеясы, сюжети болсо жазуу процесси жеңилдеди, бул факт. Иштин баары идея менен сюжетте. Айтылуу Гарри Поттердин энеси, жазуучу Джоан Роулинг: «Мыкты жазуучу болом деген адам аябай көп окуш керек. Анткени ал жакшы жана начар адабиятты айырмалоонун эң мыкты жолу»,  – деп айтат. Же Эрнест Хемингуэй айткандай: «Жазыш оңой. Болгону алдыңа жазуу машинкасын кой да, анан кансырап азаптана бер». Ошондуктан жазуучу болуу оңой иш эмес. Толгон-токой азабы, мээнети бар. Окурман кандай кабыл алат, бул өзүнчө маселе.

Өткөөл мезгилдин азабы, кыйынчылыгы артта калды. Канчалаган мыкты акындарыбыз жана жазуучуларыбыз ошол бороондуу күндөрдүн суугуна, азабына туруштук бере албай жок болуп кетти. Канчалаган кол жазмалар эскирип, жыртылып же өрттөлүп кетти. Биз, жазуучулар ошону эстен чыгарбашыбыз керек. Ошол жоголгон жазуучулар мууну жаза албай кеткен чыгармаларды жазуу биздин мойнубузга аманат болуп калды. Кел, калемдешим, аманатка кыянат кылбай, төрагабыз Каныбек Иманалиев агай айткандай кыргыз адабиятынын алтын доорун биргеликте жараталы!

Айтбек ТӨЛӨНБАЕВ,
жазуучу

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар