whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
26.04.2025
8.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарЭрлан Өмүралиев: “Берилген тапшырмалар 100%га аткарылды”

Эрлан Өмүралиев: “Берилген тапшырмалар 100%га аткарылды”

Жазгы талаа жумуштары башталды, сугат суу маселеси кандай болуп жатат. Мурдагы жылдардай тартыштык жаралбайбы? – деген суроо ар бир дыйкандын жүрөгүн өйүтөт.

 Өткөн жылы  Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев: «Чүй облусунун аймагына жаңы суу кампалар курулат жана суткалык жөнгө салуу бассейндерин (БСР) жана декадалык жөнгө салуу бассейндерин (БДР) калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт. Анын негизинде Чүй облусунун аймагындагы бир катар дарыялардын агымына чакан суу сактагычтар курулат», – деп билдирген.
     Мындан улам быйылкы жылга даярдыктар кандай жана өткөн жылдын жыйынтыктарын билүү максатында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу чарба мамлекеттик агенттигинин Чүй суу чарба башкы башкармалыгынын башчысы Эрлан Өмүралиевге кайрылганыбызда, төмөнкү маалыматтарга токтолду. Анын айтымында  Чүй башкы суу чарба башкармалыгы боюнча 2024-жылы капиталдык оңдоо иштерине мамлекеттик бюджеттин эсебинен 534840,3 миң сом сарпталып, бир топ иштер аткарылган.

Кемин райондук суу чарба башкармалыгы боюнча:

Сарбос каналынын 1170 метр жерине бетон төшөө пландалган, аткарылышы 1170 метр же 100% түзөт. Суу бөлүштүргүчтөрдү оңдоо (6 даана) аба ырайынын шартына жараша токтотулду. 2025-жылдын вегетация мезгилине толук  аткарылат. Калмак-Суу каналынын 260 метрине Г-120 блокторун тизүү 100% аткарылды.

Ал эми Кемин районунун Чоң-Кемин аймагында Евразиялык банк тарабынан 1 канал жана 1 даана БДР куруу пландалууда.

Ошондой эле  2024-жылга  атайын каражаттан капиталдык оңдоо иштеринин аткарылышы:

Административдик имараттын ичин оңдоо;

Административдик имараттын сыртын оңдоо;

БСР, БДР жана суу сактагычтар:

2025-жылы Ак-Түз дарыясына 1 даана БДР куруу  пландалууда, көлөмү 3,0 млн. м3, сугат аянты 4,0 миң га.

Мамлекеттик бюджеттен 2025-жылы Чоң-Кемин а/а ички чарбалык Калмак-Ашуу  каналын куруу пландалууда. Каналдын узундугу 6,7 км, жалпы сугат аянты 0,5 миң га долбоору бар, сметалык баасы 93 млн. сомду түзөт.

Чүй  райондук суу чарба башкармалыгы боюнча:

Новый каналынын түбүн 0,8 км бетондоо иштери аткарылган. Жогорку-Кайырма каналындагы БСРди 1500 м3, механикалык тазалоо иштери 90% аткарылды жана бир даана ГТС бетондолду. Ден каналында 0,3 км монолит бетондоо иштери аткарылды. Р-1 каналында 2,1 км ЛР-80 лотоктору орнотулду.

БСР, БДР жана суу сактагычтар:

Шамшы суусунун нугуна декадалык жөнгө салуу бассейнин (БДР) куруу иштерин пландоо менен бүгүнкү күндө тиешелүү иш кагаздары даярдалууда. Учурда, долбоорду даярдоо үчүн техникалык-экономикалык негиздемеси (ТЭО) даярдалган, кошумча иштер алып барылууда.

Азия өнүктүрүү банкы (АБР) менен 4 млн. АКШ доллары акча каражаты каржыланып, 22 км аралыкта Осмон каналын реабилитациялоо үчүн 3 млн. АКШ доллары каралган жана ички чарбалык каналдарга 1 млн. АКШ доллары каралган. 2022-жылы башталган долбоор боюнча бүгүнкү күнгө чейин тендерлер өткөрүлүп, 2 подрядчы тарабынын иштер жүргүзүлүп келүүдө.

«Победа» ЖЧКсы тарабынан Р-8 каналынан 4,25 км аралыгы жана Осмон каналынын 750 метр аралыгында иштер аткарылган жана сугат өнөктүгүндө суу пайдалануучуларга сугат суусун жеткирүүдө колдонулуп келди.

«Сити Комплекс» ЖЧКсы тарабынан Осмон каналынын башкы бөлүгүндө гешкобый блок (Г-түрүндөгү) 1,6 км аткарылса, Искра айылынан өткөн бөлүгүндө каналга монолит төшөө иштери жасалып бүттү.

Бүгүнкү күнгө карата подрядчылар тарабынан тиешелүү иштер аткарылып, гидротехникалык курулмаларды куруу иштерин аткарууга даярдыктар көрүлүп жатат. Долбоор толугу менен 2025-жылдын май айларында аяктоого
мерчемделүүдө.

Ысык-Ата райондук суу чарба башкармалыгы боюнча:

Жетиген чарба аралык каналын 0,1 км бетондоо иштери аткарылып бүттү. Алар: Р-20 башкы курулмасында ремонт жумуштары өтүп, бүгүнкү күндө ремонт жумуштары 100 %, Чумыш чарба аралык каналын бүгүнкү күндө 4,5 км. механикалык тазалоо жумуштары  100 %, Краснореченский чарба аралык каналында 4,0 км механикалык тазалоо жумуштары өтүп, бүгүнкү күндө ремонт жумуштары  100 %га  аткарылып бүттү.

БСР, БДР жана суу сактагычтар:

 БДР 1-Май  Интернационал айылында жайгашкан 1-Май декадалык жөнгө салуу бассейни  2024 жылы планга коюлган: Мамлекеттик сатып алуулар порталында «1-Май» декадалык жөнгө салуу бассейнин капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча сынак болуп өттү. «Сити-Комплекс» компаниясы  утту. Азыркы учурда, ишкана менен капиталдык оңдоо иштери боюнча келишим түзүлүп, оңдоо иштери 100%га аткарылды. Көлөмү 1 млн. м3 жана 1100 гектар жерге суу берүү жакшырат.

БДР Ивановка айылында жайгашкан декадалык жөнгө салуу бассейни  2024-жылы планга коюлган. Мамлекеттик сатып алуулар порталында «Ивановский» декадалык жөнгө салуу бассейнин капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча сынак болуп өттү. Сынакты «Уни-строй» компаниясы  утуп, жумуш иштери 65%га аткарылды. 2025-жылдын вегетация мезилине толук  аткарылат. Көлөмү 1,2 млн. м3 жана 900 гектар жерге суу берүү жакшырат.

Кочкор БДРи көлөмү 0,1 млн. м3 жана 350 гектар жерге суу берүүнү  жакшыртат. Бүгүнкү  күндө ПСД жасалып бүттү.

БДР Туз көлөмү 1,0 млн. м3 жана 1300 гектар жерге суу берүү жакшырат. Бүгүнкү  күндө ПСД жасалып жатат жана ГВС Ноорус 8 млн. сомго оңдоо иштери толук аткарылды.

Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгы боюнча:

Чоң-Арык каналынын 0,75 км. аралыгынан монолит менен бетондоо иштери жүрүп жатат. Аны менен катар Р-6 каналынын 6,8 км. жеринде механикалык тазалоо иштери аткарылды.

Р-1-1 каналында 4,1 км механикалык тазалоо иштери, Р-3 каналынын 0,1 км аралыгын оңдоо иштери жасалып бүттү.

Сокулук райондук суу чарба башкармалыгы боюнча:

НС “Шорго” боюнча ПСД дайындалып, жумуштар башталды, ал бүтсө 720 гектар жерге суу берүү жакшырат  (Жаңы-Пахта айыл өкмөтү).

Сокулук суу сактагычында 70% механикалык тазалоо иштери аткарылды, 2025-жылдын вегетация мезилине толук тазалоо иштери аткарылат, көлөмү 9,3 млн. м3 жана 4003 гектар жерге суу берүү ишке ашат.

Москва райондук суу чарба башкармалыгы боюнча:

МК Мураке каналынын 0,17 чакырым бетондоо пландалган, бүгүнкү күндө 100%, Чоң каналынын 1,2 чакырымын бетондоо планы 100 % аткарылды. Ал эми Макачи суу сактагычы толук механикалык тазалоодон өткөрүлдү. Көлөмү 0,9 млн. м3 жана 2031 гектар жерге суу жеткирет. Малтабар БДРи бүгүнкү күндө 90%ы механикалык тазалоодон өткөрүлдү,  2025-жылдын вегетация мезгилине толук тазалоо иштери аткарылат. Көлөмү 2,2 млн. м3 жана 1200 гектар жерге суу берүү жакшырат.

БСР, БДР жана суу сактагычтар

Ак-Суу БДРине ПСД даярдалып бүттү, көлөмү – 4,7 млн. м3 жана – 13800 гектар жерге суу берүү жакшырат. Анын ичнен 10300 гектар жер Москва районуна, 3500 гектар жер Жайыл районуна караштуу. Куруу аяктап, колдонууга берилгенден кийин кошумча Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2048 гектар кайрак жери жана Жайыл районунун 2000 гектар жери  сугат суусу менен камсыз болот.

Ак-Суу БДРинин ПСД 2025-жылдын 1-кварталына бүтөт, натыйжасында 800 гектар (Төлөк айыл өкмөтүндө) жаңы жерди өздөштүрүү каралган жана 900 гектар жерге сугат суу берүү жогорулайт.

Жайыл райондук суу чарба башкармалыгы боюнча:

Петропавловский каналынын 0,9 км.  монолиттик бетондоо иштери жасалып бүттү. Өтөгөн каналында 3,0 км механикалык тазалоо иштери аяктады.

Гидротехникалык курулмаларды (12 даана) оңдоп  калыбына келтирүү иштери жана Суу өлчөөчү постторду (18 даана) оңдоп калыбына келтирүү иштери аткарылды.

Панфилов райондук суу чарба башкармалыгы боюнча:

Агермень БСРинде механикалык иштер 95% аткарылды. 2025-жылдын вегетация мезгилине толук тазалоо иштери аткарылат. Көлөмү 1,2 млн. м3 жана 704 гектар жерге суу берүү жакшырат. Ошондой эле №2 суу сактагычка кошумча суу киргизүү максатында 5 скважинаны калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат, 2025-жылы толугу менен кирет. №2 суу сактагычты механикалык тазалоо иштерин жүргүзүүгө ПСД даярдалып бүттү, көлөмү – 2400 м3 жана – 2050 гектар жерди сугарууга ылайыкташкан. № 1 суу сактагычты механикалык тазалоодон өткөрүү үчүн  ПСД даярдалып жатат, 1-жарым жылдыкта даяр болот,  көлөмү – 1466 м3 жана – 714 гектар жерге суу берүү жакшырат.

Р-27-1 чарба аралык каналда 5 жаңы скважина куруу каралып, бүгүнкү күнү 2 скважина курулуп бүттү, вегетация башталганча толугу менен бүтүрүш керек. 1000 гектар жерге суу берүү жакшырат (Фрунзе жана Күрпүлдөк а/өкмөтү).

Р-27 чарба аралык каналга 2 жаңы скважина куруу боюнча ПСД даярдаганга изилдөө иштери жүрүп жатат, 888 гектар жерге суу берүү жакшырат.

Мындан сырткары, Кара-Тюма каналынын ПСДсы бүтөт жана курулуш иштеринин каражат булагы аныкталып тендерге берилет. Ал бүтсө 1000 гектар жерге сугат суу берүү жакшырат, (Күрпүлдөк а/өкмөтү) аяктоо мөөнөтү 2025-2026-ж.ж.

Джон чарбалар аралык каналынын 3,1 км  монолит бетон басуу иштери күн жылыса башталат, аткарылганы 2,2 км  (0,9 км вегетацияга чейин бүтөт) 3400 гектар жерге суу берүү жакшырат.

Ашмара суу сактагычынын долбоордук көлөмү 10,0 млн, м3 жана 333 гектар жерге суу берүү жакшырат. (Курулуштун аянты 122 га, ал жерге бардык курулуштар комплекстүү курулат). Бүгүнкү күндө 7 гектар жеринде өндүрүш калдыктары көмүлгөн жер бар экен. Дирекция, капиталдык курулуштар боюнча иштеп жатат.

Өздүк өндүрүш боюнча:

Түштүк Чоң Чүй каналында 9,0 км механикалык тазалоо иштери  аткарылды.

Р-12 каналында 1,5 км механикалык тазалоо жана бетондоо иштери толугу менен аяктады.

Рассвет каналында 1,8 км бетондоо иштери аткарылды.

Ысык-Ата БДРинен чыккан Потпитывающий  каналынын 1,75 км жерине арматура төшөө иштери бүтүп, бетондоо иштери аткарылды.

Ат-Башы магистралдык  каналындагы акведукта бетондоо иштери толугу менен аткарылды.

Төмөнкү Ала-Арча  Русловой суу сактагычынын дамбасынын оң капталын бийиктетип көтөрүү жумуштары аткарылды, жүргүзүлгөн иш-чаранын негизинде суу топтоо көлөмү 5 млн. м3га жогорулады.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын17-ноябрындагы № 706-т тескемесине ылайык, Чүй облусуна 500,0 млн. сом каржыланды.

Панфилов районундагы Агермен БДРи тазаланды;

Москва районундагы Малтабар, Макачи БДРи тазаланды;

Ысык-Ата районундагы 1-май БДРине геомембрана төшөлдү;

Ысык-Ата районундагы Рассвет каналы кеңейтилди;

Ысык-Ата районундагы Ноорус дарыясындагы башкы суу алуучу курулма калыбына келтирилди;

Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычынын дамбасы бекемделди;

Панфилов районундагы скважиналар калыбына келтирилүүдө.

Чүй башкы суу чарба башкармалыгынын 2025-жылдын сугат мезгилине даярдыгы

2024-жылдагы сугат иштери бүтөрү менен ЧБСЧБда (17.10.2024 жылы) №74 буйрук чыккан. Буйрукта аткарыла турган иштердин артыкчылыктуу багыттары көрсөтүлгөн: жумуштун көлөмү, түрлөрү жана мөөнөттөрү аныкталган жана облустук, райондук мамлекеттик администрациялар менен макулдашылып бекитилген. Ошондой эле материалдык-техникалык ресурстар жана жумушчулар даярдалган.

Мамлекеттик сугат тармактарынын 2025-жылдагы сугат мезгилине даярдык көрүүдө ЧБСЧБ боюнча суммасы 9793,9 миң сомго  оңдоо иштерин аткаруу каралып, 2025-жылда  чарбалык   жумуштарды аткаруу март, апрель, май  айларына аяктоо мерчемделген.

Жыпара ЖЭЭНАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”

 

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар