Америкалыктар төлөгөн салыгын Украинадагы чырга жумшагандан тажады. Бул тууралуу АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Fox News телеканалына маек берип жатып билдирди.
«Президент да, мен да Америка Украинадагы согушту каржылоосун токтотушун каалайбыз. Маселени тынчтык жол менен жөнгө салып, адам өлүмүн токтоткубуз келет. Америкалыктар бул чыр-чатакка өз акчасын, төлөгөн салыгын короткондон чарчады», — деген вице-президент.
Ошол эле учурда Вэнс эгерде европалыктар Америка чыгарган курал-жарактарды сатып алып Украинага беребиз дешсе, расмий Вашингтон ага каршы эмес экенин кошумчалаган.

